Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:25

"Газпром-Кыргызстан": Ольга Лаврова Кыргызстандан кеткен жок


Ольга Лаврова
Ольга Лаврова

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова Кыргызстандан эч жакка кеткен жок. Ал "Газпром-Кыргызстан" компаниясында жетекчинин орунбасары кызматында иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден "Азаттык" радиосуна билдиришти. Адвокаты Улан Дастан уулу да ушундай жооп берди.

Буга чейин айрым сайттар Ольга Лаврова өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматтар бар экенин жазышкан. УКМК муну бышыктаган да, четке каккан да жок. Чек ара кызматы бул тууралуу маалымат берилбей турганын айткан.

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 2018-жылдын январында болгон авария жана оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия “Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана кол койду” деген 30га жакын жетекчинин тизмеси түзгөн.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы каржы министри Ольга Лаврова жана башкалар бар.

Комиссиянын төрагасы Улан Примов Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынган эместигин айткан.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин билдирген. (KE\SE)

XS
SM
MD
LG