Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

2018-жылы бюджетке 6 млрд. сом чогултулбай калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык бюджеттин 2018-жылдагы кирешеси 135,4 млрд. сомду түзүп, бюджеттик план 95,7% аткарылды. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде былтыркы бюджеттин аткарылышынын баштапкы жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып билдирди.

Былтыр казынага 141,5 млрд. жыйналышы пландалган.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында депутат Зиядин Жамалдинов алдын-ала белгиленген план салык боюнча 2,3 млрд. сомго, бажы боюнча 1,8 млрд. сомго, трансферттер боюнча 1,9 млрд. сомго, мамлекеттик мүлк боюнча 200 млн. сомго кем аткарылганын эске салып, бюджеттик план эмне үчүн аткарылбай калганына кызыкты.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өз убагында план оптималдуу эле сунушталганын белгилеп, "аны аткаруу аракеттерине карабай ушундай жыйынтык болуп калганын" билдирди.

Былтыр 29-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары 2017-2018-жылдардын бюджеттин аткарылышынын отчетун жана 2019-жылдын бюджети тууралуу баяндаманы чогуу талкуулашкан эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG