Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Украина: БШК Симоненкону каттоодон баш тартты


Украинанын Коммунисттик партиясынын лидери Петр Симоненко.
Украинанын Коммунисттик партиясынын лидери Петр Симоненко.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы Украинанын Коммунисттик партиясынын лидери Петр Симоненкону президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Шайлоо комиссиясы "Симоненкону талапкер катары көрсөткөн партиянын уставы, аты жана символикасы “Коммунисттик, улутчулдук жана тоталитардык режимди Украинада жайылтууга тыюу салуу жөнүндө" мыйзамга каршы келет” деп тапкан. Ошондой эле "ал акыркы 10 жылда кайсы өлкөдө жашаганын так көрсөткөн эмес" деген жүйө келтирген.

Украинада президенттик шайлоо 31-мартка белгиленген. “РБК Украина” агенттиги Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча 28 талапкерди каттаганын жазды.

Алардын арасында Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко, куудул, артист Владимир Зеленский бар. Өткөн аптада Украинанын азыркы президенти Петро Порошенко да президенттик шайлоого катышаарын расмий жарыялаган.

XS
SM
MD
LG