Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы түзүлдү


Кыргызстан. Каракол лыжа базасы. 2012-жыл.
Кыргызстан. Каракол лыжа базасы. 2012-жыл.

Кыргызстанда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Тиешелүү чечимге бүгүн, 2-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Кыргыз туризм” ишканасы Кыргызстандын булуң-бурчунда ачыла турчу туристтик маалыматтык борборлорду башкара турганын айткан.

Андан тышкары тарыхый объектилерди, мамлекеттин колундагы айрым туристтик объектилерди көзөмөлдөйт. Айрым мейманканалар, менен туристтик жайларды “Кыргыз туризмге” өткөрүп берүү да пландалууда. Ишкана Интернет аркылуу Кыргызстанды жарнамалап, чет жакта жармаңкелерди да өткөрөт.

Анын директорун премьер-министр эки жылдык мөөнөткө дайындайт жана өкмөт башчы кызматтан ала алат. (BTo)

XS
SM
MD
LG