Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Кен тармагы коррупциядан арыла элек


"Кен тармагы коррупцияга батып турат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:53 0:00

Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда кен иштетүүгө берилген лицензиялар алып сатуунун кыныгын алган шылуундардын ири бизнесине айланды.

Бул тууралуу Бишкекте 30-январда тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылды. Анда президент Сооронбай Жээнбеков бул тармак «коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлү жок калганын» билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны.

Жыйындын алдында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кенге байланыштуу Чаткал, Ала-Бука райондорунун акимдеринин ишин сынга алган жана президент аларга чара көрөрүн эскерткен. Бул акимдердин иштен алынары да айтылып жаткан. Бирок Коопсуздук кеңешинин жыйынында кен тармагындагы кемчиликтерге байланыштуу дээрлик бир да жетекчинин жоопкерчилиги тууралуу сөз болгон жок.

«Азаттык» буга чейин кен жайгашкан аймактардагы кылмыш, ага жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аралашкан жагдайлар, уюшма кылмыш топтордун лөгү атыккан адамдардын таасири тууралуу бир канча иликтөө телепрограммаларын тарткан эле.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент кен тармагындагы коррупция, лицензияларды алып сатуу, жергиликтүү бийликтин ишиндеги алешемдик, ак ниет инвесторлор кабылган тоскоолдук өңдүү бир катар орчундуу маселелерди атап өттү.

Ал соңку он жыл ичинде кен тармагын жетектеген беш адамга кылмыш иши козголгонун, сегиз жыл ичинде мамлекеттик кызмат адамдарына жана жеке ишкерлерге козголгон кылмыш иштери жүзгө чамалаганын билдирди.

Жыйында президент мындан төрт ай мурда Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы болуп дайындалган Эмил Осмонбетовдун гана атын атап сынга алды:

- Тоо-кен тармагындагы комитетте иштеп жаткан жетекчилер, орун басарлары, кызматкерлер коррупциялык схема түзүп алган. Мына, бүгүн берген маалыматы чаржайыт. «Эмне кылам?» деген саясат деле жок. Бүгүнкү айтылган сөздү, Осмонбетов, «мына ушундай болуп жатат, ушундай кылабыз» деп сен айтышың керек болчу. Сага мен 25 мүнөт бердим. Бирөө жазып бергенди айтып коюп кетип жатасың. Баары эле тоо-кен тармагына коррупциялык схемага аралашып тезирээк байып кетүү максатында гана кирип жатат. Ал жерде криминал, аткаминерлер жүрөт. Ошонун баарын көрүп турган эл да «эмнеге мен четте калышым керек» дейт да! Кен иштетүү таза тармакка айланышы керек. Алып сатарлардын тармагы болбошу керек. Кен байлык алып сатарлардын кен байлыгы болбошу керек. Укук коргоо органдары мыйзамсыз казылып жаткан кен байлыктарга бөгөт коюшу зарыл. Муну жергиликтүү милиция, прокурор, Финполиция - баарыңар билесиңер, бирок тийбейсиңер.

Башкы прокуратура былтыр Өнөр-жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетин текшерип, 40ка жакын мыйзам бузууну аныктаган. Анын негизинде 17 прокурордук чара актысы келтирилип, 24 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов лицензияларды алып сатууга жол ачкан мыйзамдардагы кемчиликтерге токтолду:

- ИИМде иштеген Э. Жумаев аттуу жаран 40 миң гектардан ашык жери бар 41 лицензияга ээлик кылган. Анын ичинен сегиз лицензиясы жаңыдан түзүлгөн сегиз компанияга жалпы суммасы 630 миң долларга займ келишиминин негизинде күрөөгө коюлган. Башкача айтканда, ошол сегиз лицензия кандай инвестор келсе да Э. Жумаев өзү каалаган баада сатышына жол берген. Буга мыйзам жол берет. Текшерүүдө аталган лицензиянын чыныгы ээси офшордук зонада катталган компания экени аныкталды. Ошол эле учурда бул сегиз компанияны Кыргызстандын пайдалуу кендеринин кору боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы мүчөсү Карасартов уюштуруп, жогоруда айтылган 630 миң доллар боюнча эч кандай тастыктоочу документ, компаниялардын эсебинде жетиштүү каражаттары жок болгону аныкталды. Башкача айтканда келишимдердин баары жасалма болгон деп айтканга негиз бар.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2012-2018-жылдар аралыгында кен тармагына байланыштуу 70тен ашык кылмыш ишин козгогон жана зыяндын өлчөмүн 1 миллиард сомго баалаган. Анын теңи мамлекетке кайтарылган.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов лицензиянын көбү бул тармакты Дүйшөнбек Зилалиев жетектеп турган маалда берилип кеткенин билдирди:

- Дүйшөнбек Зилалиевге «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен козголгон кылмыш иши көрсөткөндөй, ал жетекчи болуп турган кезде эгемендик жылдары берилген лицензиялардын үчтөн эки бөлүгү берилген. Анын ичинен алтын кенин издөөгө, чалгындоого жана өндүрүүгө 600 лицензия, ал эми жер астындагы сууга 417 лицензия, көмүргө 333 лицензия берилген. Териштирүүнүн жүрүшүндө жакын адамдарына, туугандарына катталган лицензиялар ачыкка чыкты. Бүгүнкү күндө Зилалиев лицензия берген, ал калкалаган 13 компания боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары ыйгарым укуктуу органдардын айрым кызмат адамдарынын кен казган компаниялардын ишине тиешеси тууралуу да маалыматтар бар, текшерүү жүрүп жатат.

Жапысынан ушул күнгө чейин 2,5 миңден ашуун лицензия берилген.

Дүйшөнбек Зилалиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти 2013-2016-жылдары башкарган. 2016-жылы өкмөттүн курамы өзгөргөндө Зилалиев жаңы түзүлгөн Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетке төрага болуп барган.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кадр маселесин көтөрдү. Ошондой эле ал кен тармагында абалды жөнгө салыш үчүн мамлекеттик компания түзүүнү сунуш кылды:​

- Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы мыкты адистер башка мамлекеттерде иштеп жатышканын билебиз. Бүгүн биз кадрлар боюнча кырдаалды жөнгө салып, тоо-кен тармагындагы ишканаларга чет жакта иштеп жүргөн өзүбүздүн мыкты адистерди тартышыбыз керек. Биздин оюбузча «Кыргызалтындын» негизинде мамлекеттик тоо-кен компаниясын түзүү зарыл. Азыр «Кыргызалтынды» көрүп жатабыз. Аны илең-салаң иштеген мамлекеттик компанияга айлантышты. Канчалаган кен байлыктардын ээси боло турган компания улам-улам башкаларга үлүштөрүн кескилеп берип отуруп, эң аягында Макмал эле калды. Макмалдын тагдырын көрүп жатасыздар, эми бир нукка салып чечип жатабыз.

Расмий маалымат боюнча, тоо-кен тармагынан жылына 12 миллиарддай сом түшөт, бул ИДӨнүн сегиз пайызга жакын бөлүгүн түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG