Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Депутат Акаев бийликти пастыкка барбоого чакырды


КТРКнын эн белгиси.
КТРКнын эн белгиси.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн тандоого да бийлик, өкмөт аралашып жатканын айтып, аларды пастыкка барбоого чакырды:

- Биз премьер-министр же башка бакандай башчы тандап атканыбыз жок. Жада калса, КТРКнын башчысын да тандап атканыбыз жок. Болгону Байкоочу кеңештин бир мүчөсүн гана тандап атабыз. Эми ошого чейин кийлигишип, "муну эмес, тигини танда" деп көрсөтмө бергениңерди токтоткула. Эгер дагы ошондой көрсөтмө болчу болсо, мен ачык айтып чыгам.

Ушул тапта парламент КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлүккө талапкерлердин сөзүн угуп жатат. Түшкө чейин депутаттар добуш берип, көпчүлүк добушка талапкер Чынар Капарова ээ болгон. Бирок депутаттар добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарышкан.

Бул жолу кеңешке 2017-жылдын апрель айынан бери мүчө болуп келген Айгүл Жунушалиеванын ордуна Маркабай Ааматовдун, Чынара Капарованын, Атыркүл Сарыбаеванын, Мирбек Мурзабековдун, Нургазы Мусаевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG