Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Бишкек-Ташкент багытындагы автобустар Казакстанга өткөрүлбөй жатат


Өзбекстан менен Кыргызстандын желектери
Өзбекстан менен Кыргызстандын желектери

Казакстан өзүнүн аймагына Бишкек-Ташкен транзиттик автобустарын өткөрбөй жатат. Бул тууралуу "Транс-Союз-Азия" ачык акционердик коому кабарлады. Бул маалыматты Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкери да "Азаттыктын" кабарчысына тастыктады.

2018-жылдын декабрь айында жүргүнчүлөрдүн талабынын негизинде Бишкек-Ташкент рейсинин графигине өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок казак тарап расмий документ жөнөтүп, өзгөрүүлөр Казакстан менен макулдашылбаса алар мыйзамсыз болорун эскерткен. Жүргүнчү ташуучулар тийиштүү кагаздарды топтоп, Казакстанга жөнөткөн, бирок азырынча жооп келе элек.

Айрым ЖМКларда жарыяланган маалыматка ылайык Казакстандын Транспорт комитети Бишкек-Ташкент рейсине өзүнүн жүргүнчү ташуучу компаниясын киргизүүгө кызыкчылыгы болгондуктан ушундай чектөөлөргө барууда. Бул маалыматты Кыргызстандын Транспорт министрлигинин өкүлү тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Кыргызстан менен Өзбекстан Бишкектен Ташкентке жүрүүчү рейсти 2018-жылдын май айында эки өлкөнүн өкмөтүнүн келишиминин негизинде ишке киргизген. Жүргүнчүлөрдү өзбекстандык "Mironshox Grand Trans" жана кыргызстандык «Транс Союз-Азия» компаниялары ташыйт. Жалпы маршруттун узундугу 601 чакырымды түзөт. (KR)

XS
SM
MD
LG