Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Жээнбеков: Тоо-кен тармагы мамлекеттик көзөмөлдөн чыгып калган


Иллюстрациялык сүрөт. Кумтөр кени.
Иллюстрациялык сүрөт. Кумтөр кени.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин жыйынында тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулбай, ал мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калганын айтты.

- Бул тармактан жылына 12 млрд. сом акча түшөт, ИДӨнүн 8 пайызын, өндүрүштүн 44 пайызын түзөт. Тоо-кен тармагындагы маселелерге тийиштүү көңүл бурулган эмес, мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып калган. Ушундан улам курч маселелер жаралды. Уруксат берүү системасында тамырлашып кеткен коррупция бар. Экологияны коргоо көңүл сыртында калган. Жергиликтүү калктын каршылык маанайы жаралды, - деди президент Жээнбеков.

Ал кен чыккан жерге уруксат берүүдө көп учурда мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынбастан, тескерисинче тар чөйрөнүн, айрым адамдардын кызыкчылыгына артыкчылык берилгенин кошумчалады.

- Лицензиялардын колдон колго сатылганы, алып сатарлык көрүнүштөр орун алып жатат. Жолун тапкандар алып сатарлык менен алектенип жатат. Лицензияларды инвентаризациялоо боюнча тапшырма бердим. Кен иштеткенден көрө лицензияны кармап туруу, мөөнөтүн узартыш үчүн акы төлөө оңой болуп жатат. Ачыктык, адилеттик, таза иштетүү боюнча сунуштар болушу керек. Тоо-кен тармагы боюнча сот чечимдери көп суроолорду жаратты. Бирдей эле фактылар боюнча карама-каршы чечимдер чыккан учурлар бар, - деди ал.

Маалыматка ылайык акыркы жылдары кен тармагына байланыштуу 100гө жакын кылмыш иши козголгон. Ал эми жалпысынан кен тармагында 2571 лицензия берилген. (EBM/KR)

XS
SM
MD
LG