Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Орусия: кыргызстандыктын кыйноого алынганы текшерилип жатат


Хуснидин Зайнабидинов.
Хуснидин Зайнабидинов.

Орусиянын Челябинск облустук тергөө башкармалыгы Магнитогорск шаарында турак жайдагы жарылууга шектүү катары кармалган кыргызстандыктын кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты текшерүүдө.

Ошол эле кезде кыргызстандык жана анын жубайы кыйноо болгонун четке кагышканын облус прокурору Виталий Лопин Znak.com сайтына билдирген. Лопин 29 жаштагы кыргызстандык Хуснидин Зайнабидиновдун денесинде жаракаттар бар экени аныкталганын да айткан.

Кыргызстандык жарандын жубайы "Новая газетага" кыйноо тууралуу сөзүн танбаганын, прокуратура кызматкерлери менен сүйлөшпөгөнүн, жолдошу полиция эмес, Федералдык коопсуздук кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын айтканын билдирген.

Полиция Зайнабидиновду жарылууга шектүү катары 16-январда кармап, катуу кыйнаганын анын аялы өткөн аптада «Азаттыкка» айтып берген.

Орусиядагы укук коргоочу Бахром Хамроевдин билдирүүсүндө, Хуснидин Зайнабидиновду «эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер» катары Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси каралып жатат. Буга Зайнабидинов 2010-жылы июнь коогасынан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган деген жүйө келтирилген. Хамроев Орусиянын күч кызматкерлери ишти башка нукка буруп жатышканын "Азаттыкка" билдирген.

Магнитогорск шаарында 31-декабрда 10 кабаттуу үйдө болгон жарылуудан 39 кишинин өмүрү кыйылган. Эртеси 1-январда жарылуу болгон үйдөн үч чакырымдай жерде “Газел” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп, үч киши каза болгон. Бул окуялар үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алып, бирок Орусия муну четке каккан.

Тергөө комитети көп кабаттуу үйдөгү жарылуунун башкы себеби катары мурдагыдай эле газ түтүгүнүн бузулушу каралып жатканын кабарлаган.

Бул окуялардан кийин Магнитогорск шаарында борбор азиялык мигранттарды текшерүү күчөп, айрымдары камакка алынып, зомбулукка кабылганы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG