Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:31

Аида Салянова: Камила Дүйшөбаеванын иши саясатка айланып кетти


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Мурдагы депутат Аида Салянова Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө чыныгы күнөөлүүлөр кармалбай, күнөөсүз болсо да тууганы Калыбек Салянов кармалды деп эсептейт. Экс-депутат бул тууралуу 29-январда басма сөз жыйынында билдирди:

- АКШда жүргөн Калыбек Салянов миграция маселелери боюнча кармалган. Кыргызстандын милициясы ал кармалгандан кийин гана Америкага материалды жөнөткөн. ИИМ "Салянов келмейинче же саунадагы видео тасма табылмайынча бул иш ачылбайт" деп жатат, бирок бул жалган. Өзүңүздөр билесиздер, мурунку бийликтин тушунда мага саясий куугунтук болгон. Азыр деле күч кызматтарында мурунку эле адамдар иштеп жаткандыктан мыйзамсыздык, иштерди жасалмалоо уланып жатат. Ошондуктан жаңыча тергөөгө үмүтүбүз деле жок. Калыбек бул иш боюнча күбө катары өтүп келген болсо, мурдагы министр Исраиловдун тушунда кылмышка шектүү болуп калган. Ал эми аны Интерпол аркылуу издөөгө алуу Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу тарабынан жарыяланган.

Мурдараак айрым маалымат каражаттары Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектүүлөрдүн бири - Аида Салянованын тууганы АКШда кармалганын жазып чыгышкан.

"Киши колдуу болду" деп айтылган 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган.

2015-жылы Ички иштер министрлиги окуяны иликтөө иши кайрадан башталганын, Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версия бар экенин билдирген. Ал түгүл Камила Дүйшөбаеванын телефонундагы айрым маалыматтарды алыш үчүн Малайзиядан атайын адистер чакырылганы да кабарланган. Бирок кийинчерээк бул аракеттен эч кандай майнап чыкпаганы белгилүү болгон.

Былтыр июлда бул ишти иликтөө боюнча жаңы ыкчам тергөө тобу түзүлгөнү жарыяланган. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG