Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:35

Венесуэланын президенти Мадуро аны колдогон өлкөлөргө рахмат айтты


Николас Мадуро менен Владимир Путин. архивдик сүрөт.
Николас Мадуро менен Владимир Путин. архивдик сүрөт.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро саясий кризис учурунда көргөзгөн колдоосу үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди. Президенттин ыйгарымдарын өлкө парламенти жана бир катар мамлекеттер, анын ичинде АКШ тааныбай жатат.

“Орусия, Кытай, Түркия жана мен жетектеген мыйзамдуу түзүлгөн өкмөттү колдогон чечкиндүү билдирүү жасаган башка өлкөлөр менен элдерге рахмат айтам”, - деп жазды Мадуро "Твиттерге".

Бейшембиде орус президенти Владимир Путин ага телефон чалып, Венесуэла «бүлдүргүч, тышкы кийлигишүүгө» туш болуп жатат деген пикирин айткан. Мадуро өзү Кошмо Штаттарды "мамлекеттик төңкөрүш даярдоодо" деп айыптаган.

Вашингтон өлкөнүн легитимдүү утурумдук президенти деп Мадуронун оппоненти, парламент төрагасы Хуан Гуайдону тааный турганын билдирген.

Мадуро бийликке 2013-жылы, Уго Чавес өлгөндөн кийин келген. 2018-жылдын май айында экинчи мөөнөтүн өтөй баштаган. Ал жолку шайлоону оппозиция бойкоттогон, жыйынтыгы болсо бурмаланганы айтылып келген. Мадурону адам укуктарын бузуу, экономиканы тескей албаганы үчүн да сындашат.

Гуайдону убактылуу президент деп ошондой эле Канада жана Латын Американын бир топ мамлекеттери тааныган. АКШнын өтүнүчү менен ишембиде БУУнун Коопсуздук кеңеши Венесуэладагы кризисти талкууламакчы.

Венесуэладагы антиөкөмттүк массалык чыгуулардын жаңы толкуну үстүбүздөгү аптада башталган. Ошол эле күнү Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялаган. Укук коргоочулардын айтымында, нааразылык акциялары маалындагы кагылышууларда ондон ашуун киши өлдү, жүздөгөнү камалды.

XS
SM
MD
LG