Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

АКШ БУУдан Венесуэла кризиси боюнча жыйын өткөрүүнү суранды


АКШ Венесуэладагы каатчылыкты талкуулоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жыйынын ишембиде өткөрүүнү демилгеледи.

Венесуэлада акыркы күндөрү нааразылык акцияларында кеминде 16 киши каза болуп, 300дөн ашыгы камалды. Митингдин катышуучулары Николас Мадуронун режимине каршы чыгышты. Улуттук ассамблеянын башчысы Хуан Гуайдо өзүн «Венесуэланын утурумдук президентимин» деп жарыялап, бийлик узурпациясын токтотоорун жарыя кылгандан кийин демонстрациялар башталган. Парламент башчысын АКШ, Канада жана бир катар Латын Америка мамлекеттер колдоп жатышат.

Ал эми Орусия Венесуэланын акыркы президенттик шайлоосунда жеңип чыккан Николас Мадурону колдой турганын билдирди. Ага бейшембиде орус лидери Владимир Путин телефон чалып, Венесуэла эл аралык укуктардын нормасын бузган “сырттан кийлигишүүгө” дуушар болуп жатат деген пикирин билдирди. Мадуро өзү АКШ бийлигин өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылууда деп айыптады.

XS
SM
MD
LG