Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

Президент футболчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды


Бишкек. 24-январь, 2019-ж.
Бишкек. 24-январь, 2019-ж.

Кыргызстандын футбол боюнча федерациясынын президенти Семетей Султанов «Даңк» медалы, улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин «Данакер» ордени жана «Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Футбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев «Даңк» медалы менен сыйланышты.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Андан тышкары футболчулар Эдгар Бернхардт, Жыргалбек уулу Кайрат, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Павел Матяш, Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Тего Дениэл Нии Армахда ардак грамотага татышты. Команданын башка оюнчуларына президентинин энчилүү сааттары тапшырылды.

Президент улуттук курама команданын врачы Нурбек Исмаиловго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы», команданын тактика боюнча машыктыруучусу Игорь Кудренкого «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам ыйгарды.

Сыйлыктар спортчуларга 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, спортту өнүктүрүүгө, спортсмендерди даярдоого кошкон салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн ыйгарылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG