Декабрдын башында Бишкектеги «Смарт финанс» деген агенттик орусиялык ири интернет-дүкөндүн Тверь облусундагы кампасына бир автобус менен 42 адамды жумушка жөнөткөн.
Орусияга биринчи жолу ишке келаткан Азамат анда «жумушчу күчүн соодалаган» ортомчулардын тузагына түшкөнүн жакшы түшүнгөн эмес.
- Булардын Бишкекте Турусбеков көчөсүндө кеңсеси бар, - деп түшүндүрдү ал. - Булар аймактарга чейин кыдырып, жумушка чакырышат. Укмуш шарттарды айтышат. Баарыбыздан жумуш таап берген кызматы үчүн 5 миң сомдон алышкан. Бул жакка келсек, башка ортомчу агенттик «Мегатекс», анын шарттары башка. Эмгек келишимин түзүшпөйт. Кандай айлыкка, кандай шартта иштеп жатканыбызды айтышпайт. Кичине үн чыгарып, бир нерсе сурай баштасаң иштен кетирүүгө аракет кылышат. 42 адам келгенбиз. Он чакты киши кетти. Кеткенде кантип кетти? Мисалы, биз менен жүргөн бир бала кетти. Бизге «тамак-аш, жатак бекер болот» дешкен. Тиги «кетем» дегенде эле «жатаканага мынча, тамакка мынча» деп эсептеп, 12-декабрдан бери күн сайын 11-12 сааттан иштеген баланын колуна 500 рубль карматып коюшту. Ал ыйлактап, ата-энеси акча салып, ошону менен Кыргызстанга кайтты. Бул жакта өздөрүнүн системасы түзүлүп калган экен. Нааразы болгондорду ошентип чыгымдарды эсептеп, айыпка жыгып кубалайт, унчукпай, булардын ыгына көнгөндөр калат. Кечээ жакында эле Бишкектен дагы автобус менен 27 адам келди. Аларды бизге кошкон жок. Кошсо биздин абалды угуп, алар да ызы-чуу салышмак.
Кыргызстанда ортомчулар мигранттарды турак жай, тамак-аш менен камсыздап, саатына 123 рубль төлөгөн ишке киргизүүгө убада беришкен. Жумушчулар вахталык тартипте, 12 сааттан иштөөгө да макул болушкан.
Иш жүзүндө алар Тверде дагы башка ортомчулардын колуна түшүп, бир жарым айдан бери эмгек келишими түзүлбөй, айлыгы төлөнбөй келет.
- Биз 12-декабрдан бери иштеп жатабыз, - деп сөзүн улантты Азамат. - Декабрдын аягында ызы-чуу кылып жатып, 3 миң рублдан алганбыз. Айлык качан болорун деле айтышпайт. Башкысы - иштешиң керек. Келгенибизде үч күндүн ичинде эмгек келишимин түзүшүбүз керек болчу. Ал жок. Мен сурадым. «Бергиле, мен окуюн» дедим. Жок. Бишкектеги ортомчулар бул жактагы ортомчулар менен сүйлөшүп, жумушчу таап бергени үчүн акча алат, анан Орусияга барып иштегиси келген бизге окшогондордон акча өндүрөт экен. Бирок ортодо эч кандай жоопкерчилик албайт. Биз болсо такыр башка эле компанияда иштейбиз. Булар болсо эки жактан биздин эсептен пайда көргөн ортомчулар.
Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Доорбек Абдразаков Твердеги кыргызстандыктар тууралуу 21-январда кабар түшкөнүн, өкүлчүлүктүн кызматкерлери бул ишканага барууга камынып жатышканын айтты:
- Бизге кабар түштү. Балдар «алдамчылыкка кабылдык» деп жатышат. Мамлекеттик миграция кызматы менен ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Тверге барып, ал жердеги мекендештерге жолугат. Телефондон ишкананын жетекчилиги менен да сүйлөштүк. Бул иш биздин көзөмөлдө. Толук маалымат алып, тактаганыбызда дагы кабарлайбыз.
Мекендештер Кыргызстандан Орусияга ишке ортомчулар менен келип, эмгек эзүүсүнө кабылган же Орусияда ортомчулар аркылуу ишке кирип, маянасын албай калган учурлар акыркы кезде үстөккө-босток кездешип жүрөт.
Былтыр декабрда «Базовый элемент» деген агенттик аркылуу Орусиянын Жол коопсуздук башкармалыгынын Москвадагы бөлүмдөрүн тазалаган бир топ кыргызстандыктар эки-үч айлык маянасын албай калып «Азаттыкка» кайрылышкан.
Кийин бул «Базовый элемент» агенттигин 2018-жылдын башында Москва шаары менен облусундагы «Мосгортранс» автопарктарын жууп-тазалаган 700дөй мигрантка эмгек акы төлөөдөн качкан «Мой город» агенттигинин менежери эле иштетери билинген.
Ошондой эле Бишкектен жана Оштон ортомчулар аркылуу Москва облусундагы «LG Electronic» компаниясына ишке жөнөтүлүп, кийин эмгек шарттарына нааразы болгондордун окуялары бир жарым жылдан бери уланып келет.
Ноябрда 22 жаран ал жакта эмгек укуктары сакталбай, эмгек акысы өз убагында төлөнбөй жатканына нааразы болуп арызданышкан. Мигранттар Бишкектен «Гаухар коом» ЖЧКсы аркылуу ишке жөнөтүлгөнүн, бул жакта кайрадан ортомчу ООО «Лайон групп» аттуу агенттикке туш болушканын айтышкан.
Анда мекендештерге документтерин кайтарып, орус калаасында жумуш табууга жардам көрсөткөн кыргыз диаспорасындагы активисттердин бири Улук Шайыков ал окуядан кийин деле ортомчулардын арамза иши токтотулбай келгенине нааразы.
- Мигранттарды колдонгон мындай бизнес-схеманы токтотуш үчүн Кыргызстандагы ИИМге чейин кайрылганбыз, - деди ал. - Көрсө, «LG Electronic» компаниясы тууралуу көбү кабардар экен. Элчилик, Мамлекеттик миграция кызматы, ИИМдин өкүлчүлүгү, диаспора, коомдук уюмдар - баары билет экен. Бирок ага карабай Кыргызстандан ар кандай шарттарды убада берип, адамдарды ишке алып келип, бул жакта такыр башка шарттарга туш болгон окуялар токтобой жатпайбы. Биз Кыргызстанга ИИМге «WatsApp» аркылуу байланышка чыгып, «Гаухар коом» тууралуу кабарлаганда, ошол Ош базар жактан ортомчулар кармалганын айтышкан. Кийин болсо ишти жаап коюшуптур. Бул жактан биз адамдарды облустан Москвага алып келип, жатаканага жайгаштырганда ИИМ өкүлчүлүгүнөн бирөө келип, ар биринен арыз алып кеткен. Кийин ал адамдардын жарымы Кыргызстанга кайтты. «ИИМге арыз жазалы» деп барышса, кабыл албай коюшуптур. Тиги «LG Electronic» компаниясы болсо, дагы эле мигранттарды ишке алып келип жатат.
Бул Бишкектен Москвага кыргызстандыктарды топтоп ишке жөнөткөн ООО «Гаухар коом» агенттиги Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынан лицензия албастан, мыйзамсыз иш жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Ал эми азыр Тверь облусундагы мигранттар арызданып жаткан Бишкектеги «Смарт финанс» агенттиги Мамлекеттик миграция кызматынын сайтында катталган. Мамлекеттик миграция кызматынын сайтында Кыргызстандын жарандарын Орусияда иштөөгө чакырууга уруксаты бар 11 жеке агенттиктин тизмеси көрсөтүлгөн.
Бирок бул «Смарт финанс» агенттиги менен байланышып, кыргызстандык жарандарды Твердеги кампага ишке орноштуруунун шарттары тууралуу билүү аракетибизден эч майнап чыккан жок.
Мамлекеттик миграция кызматынын Бишкектеги башкы кеңсеси жарандардын арыздары боюнча маалымат агенттиктен такталарын билдирди. Ал эми Москвдагы КРнын ИИМинин өкүлчүлүгү Тверь облусундагы складда жарандар менен жолугушуудан кийин маалымат берилерин белгиледи.
Орусияда жумуш берүүчүлөр, адатта ортомчу агенттиктер, аутсорсинг компаниялары мигранттар менен эмгек келишимин түзүүдөн, андан соң ар кандай шылтоо менен эмгек акы төлөөдөн качкан учурлар арбын. Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө 2018-жылы 2,5 миңдей жаран айлык маселеси боюнча кайрылган. Мигранттарга 120 миллион рублдан ашуун эмгек акы төлөнбөй калган. Өкүлчүлүктүн жардамы менен мигранттарга 62 миллион рублдай эмгек акы өндүрүлүп берилген.