Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Жер планетасы жаңы диетага муктаж


Түркмөнстандагы базарлардын биринде сатылган эт. Архивдик сүрөт.
Түркмөнстандагы базарлардын биринде сатылган эт. Архивдик сүрөт.

Дүйнө калкы азык-түлүк чыгаруу жана тамактануу адаттарын өзгөртпөсө, планетага “ катастрофалык” зыяны тиет. Британиялык “Лансет” журналында жарыяланган жаңы изилдөөнүн авторлору ушундай бүтүмгө келишти. Саламаттык сактоо жана айлана-чөйрө боюнча 30дан ашуун адис кирген топ адамдар шекерди, малдын этин азыркыдан эки эсе аз керектөөгө тийиш, ал эми жаңгакты, жер-жемиш менен жашылчаны эки эсе көбөйтүшү керек деп эсептешет.

"Дүйнөдө бир миллиардга жакын адам ачарчылыктан жабыркаса, 2 миллиард киши ашыкча, зыяндуу азыктар менен тамактанат" дейт изилдөөчүлөрдүн бири, Лондон университетинин профессору Тим Ланг.

Адистер дагы бир жолу диабет, ашыкча салмак, жүрөк ооруларынын жайылышына көңүл бурушат.

Сөз болгон изилдөө 3 жыл бою 16 өлкөдө жүргүзүлгөн. Ошол эле маалда сүт азыктарын, эт чыгарган компаниялар бул өндүрүмдөрдүн пайдасы тууралуу айтылбаганын сынга алышууда.

XS
SM
MD
LG