Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Сирияда күрт лагериндеги кыргызстандык келиндер мекенине алып кетүүнү өтүнүштү


Сириянын Ракка шаарынын сыртындагы качкындар лагери. 26-март, 2017-жыл.
Сириянын Ракка шаарынын сыртындагы качкындар лагери. 26-март, 2017-жыл.

Алар кыргыз бийлигинен өздөрүн жана балдарын мекенге чыгарып кетүүнү суранышкан. Атын атабаган кыргызстандык келин Сирияга адашып, алдамчыларга азгырылып барып калышканын билдирип, лагердеги кыргызстандык аялдардын атынан кайрылуу жасаган:

- Биз Кыргызстандын жарандарыбыз. Сиздерге кайрылуубуздун себеби - биз бир жылга жакын убакыттан бери Күрдистанда, качкындар лагеринде жатабыз. Бул жерде биз менен катар эле башка чет мамлекеттердин да жарандары бар, алардын көпчүлүгүн мекенине алып кетишти. Казакстан да жарандарын алып чыгып кетүүгө даярдап жатат. Бул дүйнөдө адашпаган адам болбосо керек... Бизди туура түшүнүңүздөр. Кыргызстандын (лагердеги) жарандары сиздерди күтүп жатабыз.

Кайрылуу ушул тапта ошол лагерде жашаган дагы бир кыргызстандык келиндин атасынын телефонуна "WatsApp" аркылуу келген. Андагы маалымат боюнча учурда качкындар лагеринде кыргызстандык беш аял балдары менен жашап жатат. Балдардын так саны тууралуу маалымат жок.

Коңшулаш казак бийлиги Сириядан 47 жараны эвакуация болгонун 9-январда кабарлаган. Ага ылайык, аскерлер 5-6-январь күндөрү “Жусан” деп аталган операциянын алкагында Сириядан бир жаштан беш жашка чейинки 30 бала, 11 аял жана алты эркек киши кайтарылган. Расмий Астана Сириядан казак жарандарын кайтаруу боюнча “операциянын” чоо-жайын жана аны кайсыл мамлекеттер менен өнөктөштүктө өткөргөнүн ачыкка чыгарган жок.

Кыргызстан бул багытта кандай иш жасап жатканы же канча жаранын алып келгени тууралуу расмий маалымат жок. ​Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Тышкы иштер министрлиги азырынча "Азаттыктын" бул тууралуу суроосуна жооп бере элек.

УКМКнын быйыл июль айындагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. “Ислам мамлекетине” кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG