Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Институтта эки жыл иштеген Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" болду


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Билим берүү министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын ыйгарды. Министрликтин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, тармактын бул даражалуу сыйлыгы депутатка "бир канча жыл бою балдардын жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруп келатканы үчүн" берилген.

"Билим берүүнүн мыктысы" - Билим берүү министрлигинин төш белги менен белгиленген даражалуу сыйлыгы. Министрликтин тармактык наамдарды ыйгаруу боюнча жобосуна ылайык ал 20 жылдык үзгүлтүксүз стажысы бар, билим берүүгө өзгөчө салым кошкон педагогго ыйгарылат.

Тазабек Икрамов 1998-2000-жылдары Дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абаддагы филиалында окутуучу болуп иштеген. Тазабек Икрамов - коомчулукта талаш-тартыш жараткан бир катар чакырыктары менен белгилүү депутаттардын бири. (SE)

XS
SM
MD
LG