Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаков соттук-укуктук реформа жети жылга белгиленгенин айтып, ага 3 миллиард 400 миллион сом каралганын билдирди.
Бул тууралуу ал жаңы кодекстер тууралуу маалымат берип жатып айтты:
- Жети жылдык мөөнөттө биздин адистер, эл аралык эксперттер айтмакчы 3 миллиард 400 миллион сом керектелет деген божомол болуп жатат. Анын ичинен 2019-жылы боло турган иш-чараларга 744 миллион сом бөлүп бердик, - деди Разаков.
Ал ошондой эле көчөдө түкүргөн адамдарга салына турган айып пулдун көлөмүн азайта турганын билдирди:
- Таштандыларды ой келди жерге таштоо үчүн 5,5 миң сом абдан туура. Бирок түкүрүктөр да ошол беренеге кошулуп калыптыр. Муну премьер-министр да туура эмес көрдү. Муну башка берене менен киргизип, жазасын да өзгөртөлү деген ойду айтты. Азыр бузуулар жөнүндө кодексти карап көрсөк, белгиленген эмес жерлерде тамеки тартуу деген беренеге миң сом каралган экен. Түкүрүктөр да ошол деңгээлде каралса болот деген сунушту биз азыр Жогорку Кеңешке бердик. Экинчи окууда түкүрүктөргө болгон айып пулду азайтуу маселеси каралат.
Кыргызстанда 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди.
Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдардын жаңы редакциясы иштей баштады. Булардын ичинен Жоруктар жана Бузуу жөнүндө кодекстер жаңы мыйзамдардын катарын толуктады. Бул мыйзамдарды даярдоо жана ишке киргизүү боюнча аракеттерге үч жылга жакын убакыт короду.
Бийлик кодекстерди жаңыртуунун зарылдыгын көптөн бери сөз болуп, бирок ийгиликтүү ишке ашпай келген соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу муктаждыгы менен түшүндүргөн. Эми бул мыйзамдар өзгөргөн соң сот реформасын ишке ашырууга оңой болорун буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу билдирген.
Өлкөдөгү кылмыш-укук мамилелерин тескеген кодекстер жана мыйзамдар - көлөмдүү документтер. Андагы негизги өзгөчөлүктөрдүн бири - буга чейин жарандын кылмыш же административдик жоопкерчилиги Кылмыш-жаза кодекси жана Административдик кодекс менен тескелип келсе, эми алар Кылмыш-жаза, Жоруктар жана Бузуу деп үч кодекске бөлүнгөн.
Башка айтканда административдик мыйзам бузуу Жоруктар жана Бузуу боюнча кодекстердин алкагында жөнгө салынмакчы. Мындай өзгөрүү гумандаштыруу максатын көздөп, майда кылмыштар үчүн узак убакытка эркинен ажыратып жиберүү практикасын жокко чыгарат.
Ошондой эле жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык, адамды эркинен ажыратуунун өмүр бою түрмөгө кесүүгө чейинки максималдуу мөөнөтү 15 жылга чейин кыскартылган. Буга чейин бул мөөнөт жыйырма жылды түзчү. Ал эми бир нече кылмыш кылган киши буга дейре 30 жылга чейин кесилсе, жаңы мыйзамдар боюнча анын мөөнөтү жыйырма жылга түшүрүлгөн. Бирок ошону менен катар эң оор кылмыштар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу колдонула берет. Мындан сырткары, кылмышка шектүүнүн ишин сотко чейинки өндүрүштө карачу "тергөө судьясы" деген процессуалдык фигура киргизилет. Бул аракет соттук көзөмөлдү оңдоо максатын көздөмөкчү.
Жаңы кодекстердин алкагында 1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодекске ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү да көбөйдү.
Ушул эле кодекстин 71-беренесине ылайык "таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү" 5500 сом айыппул менен жазаланат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.