Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Түркия Сирия менен чек арада аскерлерин күчтөдү


Сириядагы жоочу. 31-август,2018-жыл.
Сириядагы жоочу. 31-август,2018-жыл.

Түркия Сирия менен чек арадагы аймакта аскерлерин күч алдырууда. "Reuters" агенттиги жазгандай, Сириянын Идлиб провинциясына чектеш Түркиянын Хатай аймагына бир колонна танк жана чопкутталган унаалар жеткирилди. Расмий Анкара бул маалыматка комментарий берген да жок, Сириянын аймагында аскердик операция жүргүзүлүшү мүмкүн экенин четке каккан да жок.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен сүйлөшкөн соң эки тарап күрттөрдүн коргонуу күчтөрү боюнча мунаса табат деген ишенимин билдирген. Түрк бийлиги күрт кошуундарын террордук уюм деп эсептейт.

Ал эми АКШ Сириянын түштүгүндөгү күрт топторун “Ислам мамлекети” террорчул тобу менен согушта колдоп келген. Эми Сириядан АКШ баштаган коалициялык күчтөр чыгарылса, күрттөр Түркия тараптан басым болушу мүмкүн деп чочулап жатышат.

XS
SM
MD
LG