Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп аталат


Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуп жаткан учур.
Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуп жаткан учур.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдиргенин президенттин аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент былтыркы жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаганын жана 2018-жылы 2500ден ашуун адам жаңы жумуш орундары менен камсыз болуп, 200дөн ашуун ар кандай багыттагы ишканалар иштей баштаганын белгилеген.

- 2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланат, - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ал билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүү уланарын, “Коопсуз шаар” жана “Коопсуз жол кыймылы” долбоорлору ишке ашырылаарын айткан.

Маалымат боюнча “Түндүк” электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүүнү санарип форматына өткөрүү пландалып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG