АКШнын түштүктөгү чек арасында гуманитардык жана коопсуздук кризиси өкүм сүрүп жатат. Бул тууралуу президент Дональд Трамп бир нече мүнөт мурда америкалыктарга кайрылуусунда айтты.
Ал көзөмөлдөнбөгөн миграция америкалыктардын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизип, ондогон адамдар аткезчилик жол менен АКШга ташылган баңгизаттын кесепетинен каза таап жатканын белгиледи.
Бул үчүн Мексика менен чек арага дубал куруу зарыл экенин айткан Трамп ага кете турган 5,7 миллиард долларды бөлүүнү кечеңдеткени үчүн Конгресстеги демократтарды күнөөлөдү. Ал демократтар чек арадагы кризисти тааныбай жатканын айтты.
АКШ президентинин кайрылуусун ABC, CBS, CNN жана башка телеканалдар түз алып көргөздү.
Трампты улай Конгресстин Өкүлдөр палатасынын жаңы шайланган демократ спикери Ненси Пэлоси, Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер да түз эфирде президенттин айткандарына жооп беришти. Пэлоси чек ара коопсуздугун дубал куруудан башка жолдор менен камсыз кылса болоорун айтып, президентти федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылууга чакырды.
Буга чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс президент ушул бейшемби күнү Мексика менен чек арага бара турганын билдирген.
Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушун каржылоого байланышкан пикир келишпестиктен улам Конгрессте бюджетти бекитүү создугууда. АКШнын федералдык мекеме-уюмдары 18 күндөн бери жарым-жартылай гана иштеп, алардын кызматкерлерине айлык акысы берилбей турат.
Трамп АКШнын Мексика менен чек арасында мыйзамсыз миграциядан коргонуу максатында дубал курууга президенттикке талапкер кезинде эле убада берген.