Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Тайвандын жетекчилиги эл аралык коомчулукка кайрылды


Тайвандын президенти Цай Инвэн.
Тайвандын президенти Цай Инвэн.

Тайвандын президенти Цай Инвэн эл аралык коомчулукка кайрылып, демократияны колдоого жана Кытай тараптан болуп жаткан коркунучтарга туруштук берүүгө жардам сурады.

Ага чейин Кытайдын башчысы Си Цзинпин Тайван Кытайдын бир бөлүгү экенин эч ким тана албасын айткан болчу.

- Биздин өлкө бардык эл аралык баалуулуктардын тарапкери. Андыктан биз кыйынчылыктарга жана коркунучтарга туш болуп жатканда эл аралык коомчулук абалыбызга туура баа берип, колдоосун көрсөтөт деп ишенгибиз келет, - деди Цай Инвэн

Тайван маселеси Кытайдын талылуу проблемаларынын бири. Пекин аны өз аймагы деп эсептейт жана 2016-жылы Демократиялык партиянын өкүлү Цай Инвэн өлкө жетекчилигине келгенден бери басымын күчөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG