Украинада президенттик шайлоо кийинки жылдын 31-мартында өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууга ниеттенген талапкерлердин документтерин кабыл ала баштады.
Социологиялык сурамжылоолорго караганда, элдин колдоосуна ээ болуп жаткандардын арасында "Батькивщина" партиясынын лидери Юлия Тимошенко, куудул Владимир Зеленский, “Жарандык позиция" партиясынын башчысы Анатолий Гриценко, оппозициячыл саясатчы Юрий Бойко жана азыркы президент Петро Порошенко бар.
Булардын ичинен мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун рейтинги жогору бааланууда. Азыркы президент Петро Порошенкону сурамжылоого катышкандардын 9,4 пайызы, ал эми Юлия Тимошенкону 16,9 пайызы колдоорун билдирген.