Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков тууралуу жалган маалыматтар тарап жатат


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков жөнүндө Интернетте пайда болуп жаткан маалыматтар жалган экенин жана курулай каралоо болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, Интернеттеги "Тelegraph" (telegra.ph) булагында "министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экени жана иликтөө башталган учурда Өмүрзаков эмгек өргүүсүнө чыгып, чет өлкөгө кетип калганы" айтылат.

Ички иштер министрлиги милициянын жогорку кызмат адамдары тууралуу мындай маалыматтардын баары фейк (жалган) экенин кабарлайт. Кайрылууда "мындай маалыматты ойдон чыгарып, Интернетке тараткандар милициянын кадыр-баркына көлөкө түшүрүүгө аракет кылып жатат" деп айтылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG