Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

Жабык жайларга сегиз килограмм маңзат алып кирүүгө аракет болгон


2018-жылы жабык жайларга 8 килограмм маңзат алып кирүүгө аракет болгон.

Бул тууралу Жаза аткаруу кызматы өткөргөн жыйында айтылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Андан тышкары тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө 82, телефонду киргизүүгө 111 жолу аракет кылган учурлар катталган.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 15 миңдей адам абакта жатат. Басымдуу бөлүгү Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык”, “уурулук”, “алдамчылык” жана “маңзатты мыйзамсыз сатуу жана сактоо” беренелери менен айыпталып, соттолгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG