Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Аймактык ЖМКнын жүгү жана үнү


Мамлекеттик деп эсептелген маалымат каражаттарын бюджеттен каржылоо маселеси Жогорку Кеңеште кызуу талкууну жаратты.

Бүгүнкү күндө мамлекеттин эсебинен ондогон ЖМКларды кармап туруунун, акча берүүнүн зарылчылыгы барбы? Бөлүнгөн каражаттар акталдыбы? Алардын коомдо таасири кандай?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев, Чүй облустук телерадиокомпаниясынын директору Калыбек Тайтекеев жана медиа эксперт Марс Тилегенов катышты.

“Азаттык”: Жанарбек мырза, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында "өкмөттүк маалымат каражаттарына бюджеттен берилген акча өзүн актаган жок, алга умтулуу байкалбайт, керек болсо аларды ачык аукциондон жеке менчикке сатуу керек" деген ойлор айтылды. Мындай пикирлер канчалык жүйөлүү жана негиздүү?

Жанарбек Акаев: Мени журналист кесиптештерим туура түшүнүшү керек, мен бул маселени парламенттен атайын демилге кылып көтөрүп, мыйзам чыгарып, же мамлекеттик маалымат каражаттарын саталы деп чыкканым жок. Мен талкуу учурунда өз оюмду айттым. “Биз чакан мамлекет болсок, ченелүү бюджети болсо, анан ондогон маалымат каражаттарын кармоонун канчалык зарылчылыгы бар?” деген суроо туулат. Же алардын коомдо таасири жок болсо...

Жеке менин оюмда мамлекеттик саясатты чагылдырууга коомдук канал катары КТРК эле жетиштүү болмок. Ошондон улам калган каналдарды каалаган жеке инвесторлорго сатса болот деп сессияда айттым. Эгер өкмөт кызыктуу, олуттуу иштерди жасаса, мыкты демилгелер менен чыкса мамлекеттик эле эмес, жеке каналдар да барып чагылдырат.

КТРКнын өзүнө 2019-жылы 400 миллион сомдон ашык каражат каралып жатат, ЭЛТРге 100 миллион, “Кабарга” 23 миллион, “Мир” телеканалга 34 миллион сом, бардык ЖМКларды кошуп келгенде имарат, унаа дагы башка болуп отуруп миллиард сомдон ашып жатпайбы. Азыр болбосо да жакынкы келечекте өзгөртүүлөргө барышыбыз керек.

“Азаттык”: Калыбек мырза, сиз жетектеген облустук телерадиокомпания бюджеттен каржыланууда, ал акча компаниянын туруктуу жашап турушуна канчалык өбөлгө түзө алат? Бюджеттен акча бербей өз алдынча кое берсе сиздердин компания жашап кете алабы?

Калыбек Тайтекеев: Эгер бюджеттен ажырата турган болсо, анда тапкан акчаны өзү бөлүштүрө ала тургандай эркиндик берилиши керек. Азыр көбүбүзгө жакпай жатат, бирок реформа жасашыбыз керек. Ачык айтканда журналисттер бардык тармактарда реформаны талап кылабыз, бирок өзүбүз каалабай жатабыз. Ошол эле учурда мурункудай жашоону каалабай, жаңыча жашагыбыз келет.

Азыр райондук, облустук гезиттер, телерадиокомпаниялар ойдогудай иштей албай жатат, замандын, коомдун талабына жооп бербейт. Ошондуктан облустарда медиа борборлорду түзсөк, маалымат берүүнүн ыкчамдуулугун арттырсак, кадрлардын сапатын жакшыртсак деген жакшы демилгелер болгон. Аны колдогон, каршы чыккан пикирлер болууда.

Кыргызстанда 40тан ашык райондордо гезиттер чыкса, ошончо пикир жаралат. Кесиптештерим таарынбасын, кээ бир райондук гезиттер өз аймагына да толук жетпейт. Эптеп эле күн өткөрүп, “өгүз өлбө, араба сынба” болуп эле келе жатышат. Эми ошолорду ойготуп, реформа жасайлы десе көбү ошону каалабай жатышат. Көп жылдан бери отурган жылуу орундан эч ким козголгусу келбегендигин көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Марс мырза, Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде өкмөттүк деп эсептелген маалымат каражаттарынын ордун кандай баалайсыз, алардын коомдук пикирди түзүүдөгү ролу канчалык таасирдүү деп ойлойсуз?

Марс Тилегенов: Жалпы алганда ар бир маалымат каражатынын бул убакка чейин түзүлүп, тарыхы болуп, иштеп өз орду болгон. Убагында элге маалымат жеткирүү милдетин аткарып келген. Совет учурунда атаандаштык жок болчу. Эгемендүүлүктүн артта калган жылдарында да алар өз миссиясын аткарып келишти. Алар менен кошо жеке менчик маалымат каражаттары өнүктү. Эми технология өнүгүп, коомдун талабы башка болууда, ошондуктан ушул маселе жаралууда.

Ачык айтканда азыр мамлекеттик маалымат каражаттары атаандаштык жарата албай калышты, коомдогу орду, таасири төмөн. Жөн эле чыгып жатышат. Мамлекеттик басылмаларды чиновниктер эле окушат. Аларга берген мамлекеттин берген акчасы жетишсиз. Алар санариптик технологиянын улам өсүшү менен башкалар менен атаандаша албай алар артта калып жатат. Облустук телекомпаниялар өзүлөрүнүн аймагында эле чыга алышат, мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Маселе толтура, чечүүнүн механизмдерин издеш керек.

“Азаттык”: Жанарбек мырза, өнүккөн демократиялык мамлекеттерде өкмөттүк маалымат каражаты деген түшүнүк жок, демократиялык институттарды, парламенттик башкарууну бекемдеп жаткан бүгүнкү Кыргызстан бюджеттен каржыланган телерадио, гезиттерден кутула алабы?

Жанарбек Акаев: Көп чет өлкөлөрдө адамдар каалаган телеканалдарына акча төлөп көрүшөт, мамлекет каржылабайт. Көрөрман өзү тандайт. Биздегидей “кааласаң да, каалабасаң да көрөсүз” деп көрөрманга таңуулабайт.

Албетте, Кыргызстандагы медиа абал кошуна өлкөлөргө караганда алда канча ачык, эркин. Бирок акыркы жылдары мамлекет бир топ телеканалдарды өкмөткө алганы менен каржылай албай кыйналып жатпайбы. Мисалы, ОшТВ өкмөткө өткөн, мамлекет каражат бербейт. Мындай орто жолдо калуу болбойт, өнүктүрөм деген инвесторлорго бериши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG