Айрым соодагерлер жана кол өнөрчүлөр ишкананын жетекчилерин ириде коррупцияга байланыштуу айыптап жатат.
«Кыял» Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева менен президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев экөөнүн кайым айтышына да негиз болду. Ишкананын жетекчилиги болсо дооматтардын баарын четке кагууда.
«Азаттыкка» «Кыял» мамлекеттик ишканасына таандык жерде 1995-жылдан бери зер буюмдарын саткан Тамара Солтобаева аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылды. Анын айтымында, мындан жети жыл мурун ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Ош базарын иретке келтире баштаганда Кулиев менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги алтын буюмдары сатылган павильондун баары алынган. Аларга «Кыял» ишканасынын автоунаа токтотуучу жайынын бир четинен орун берилген. Бирок соодагерлердин көйгөйү ошондо башталган.
Тамара Солтобаева «Кыялдын» жетекчиси Султан Макашовду, базарды көзөмөлдөгөн контролёр Рахим Алыбаевди жана ишкананын кесиптик кошуунун башкарган Замира Саткееваны «мамлекетке таандык соода орундарын сатты» деп айыптап жатат.
- Башында алтын саткан 28 павильон бар болчу, - дейт Тамара Солтобаева. - Ошол убакта «Кыялдын» администрациясы ар бирибизден ай сайын үч миң сомдон чогултуп алчу. Ошол жерде Замира Саткеева деген кесиптик кошуундун төрайымы болуп иштейт. 2010-2012-жылдары Иса Өмүркулов мэр болуп иштеп турганда «Ош базарынын айланасын иретке келтириш керек» деп биздин күркөлөрүбүздүн баарын тазалашкан. Биздин ой-боюбузга койбой «Кыялдын» автоунаа токтотуучу жайына алып келишкен. «Кыялдын» башчысы Султан Макашов, Замира Саткеева "жазга чейин чыдап иштегиле. Жазында тазалап туруп жертөлөдөн силерге орун беребиз" дешкен. Астында бильярдкана, чайкана бар болчу. Алардан орундарын чыркыратып тартып алып ремонт жасатышкан. Мен болсо «бизге убада беришкенден кийин орун беришсе керек» деп жүрдүм. Анткени «аксакал-көксакалдарга, митингге чыгып эмгеги күч болгондорго беребиз» деп убада беришкен. Рахим Алыбаев ремонт жасатып, чала-була бүтө электе «ошол орундар сатылып жатыптыр» деген сөздөр чыга баштады. Мен «мага беришет да» деген ой менен ал орундарды алууга жанталашкан жокмун. Мага ошол жерден жай беришти.
Тамара Солтобаева ага берилген орунду учурда башка бир адам талашып жатканын билдирди. Анын айтымында, ушул тушта анын алтын буюмдарын аманат бөлмөсүнө койдурбай, базарды башкарып көзөмөлдөгөндөр кысымга алып, куугунтуктап жатышат.
- Ошол орунду бергенде «ижара акысына беш миң сомдон төлөгүлө» дешти. «Сыртта турганда үч миңден төлөчү элек, азыр беш миң болуп калды» деп унчукпай эле төлөп жүрө бердим, - дейт ал. - Ошол жердеги орундарды «7-8 миң доллардан сатышты» деген сөздөрдү угуп калдык. Алар мени ушунчалык кордошту. Өкмөттүн жайын өздөрүнүн менчигиндей, атасынан калгандай эле көрүштү. Бул деген куугунтук. Бул жайлар Рахимдин же Замиранын атасынан мурас болуп калган эмес. Мен 2011-жылдан 2018-жылга Алыбаевге 17 миң сомдон төлөп келгем. Чек да, талон да берчү эмес. Сурасам «келишим бар да» дейт, келишимде болсо акчанын суммасы көрсөтүлгөн эмес. Жети жылдын ичинде мен жалпысынан ижарага, буюмдар сактала турган жайга жана башкага 1,5 миллион сомдон ашык акча төлөптүрмүн. «Кыялды» өз менчигиндей колдонуп, арам акча алып, жөнөкөй адамдарды кууп чыгып, пенсионерлерге күн көрсөтпөй жатышат.
Тамара Солтобаева арыз-арманын айтып, «Кыялдагы» жагдайды териштирүүнү өтүнүп тиешелүү органдардын баарына кайрылган. Бирок майнап чыкпагандыктан Таштанбек Жанузаков аттуу юристти жалдаган. Жанузаков тиешелүү органдарга эми өзү кайрыла баштаганын, учурда жооп күтүп жатканын айтып берди:
- Ай сайын булардын чөнтөгүнө беш-алты миллион сом акча түшөт. Өкмөткө салык түшпөйт. Эски схемалар ошол бойдон иштеп жатат. Баары эле тууган чалыш, депутаттар, министрлер. Мен бул маселе боюнча Финполицияга бардым, тергөө жана ыкчам иштер боюнча орун басарларына киргизишти. «Бизде буга байланыштуу кылмыш иши козголгон» дейт. Эгер бир нече ай мурун эле козголсо, эмнеге натыйжа чыкпайт? Андан кийин Мамлекеттик салык кызматына бардым. Султан («Кыялдын» жетекчиси) баарын сатып алат. Премьер-министр да, президент да унчукпайт.
Динара Чочунбаева - Кол өнөрчүлөрдү колдоо фондунун өкүлү. Ал да бир канча жылдан бери «Кыялга» байланыштуу дооматтарын айтып келет.
- Султан Макашов цехтердин баарын жоюп, жабдуунун баарын сатып, «Кыялды» менчиктеп, үй-бүлөлүк бизнеске айландырып алды, - деди фонд өкүлү. - Аны депутаттар, аткаминерлер колдошот, коррупциялык схема гүлдөп жатат. Биз, чеберлер канча жылдан бери күрөшүп жүрөбүз, канча премьер-министрге кирдик, канча кат жаздык, жооп жок. «Кыял» бирикмеси элге таандык. Бирок азыр бир гана топ үчүн иштетилип жатат. Салык жактан аябай алдап жатышат. Биз «ушул жерлер туура эмес, текшергилечи» деп канча арыздандык? Комиссиянын ичинде өздөрүнүн эле кишилери болот да, «баары туура» деп жыйынтык чыгарышат. Мыйзам боюнча 600-800 сом эле экен, бирок акчаны миңдеп чогултушат. Анын баары эле сол чөнтөккө кетет. «Кыялдын» ичинде канчалаган бош орундар турат? Азыр биздин канчалаган чеберлерибиз тентип жүрүшөт? Ошол жайлардын баарын чеберлерге беришсе, эл төлөгөн эле ижара акыны төлөшмөк да. Бирок «чеберлер чыкпай коет, кыйкырып айтып чыгышат» деп коркушат. Ошон үчүн чач тарач, майда-чүйдө саткандарга эле беришет.
Динара Чочунбаеванын баамында, «Кыялды» менчиктештирүүгө кызыккан кандайдыр бир топ бар.
Эми жадап деле бүттүк, кол өнөрчүлөр «эч кимге керегибиз жок экен» деп көңүлү деле калды.
- Биз ошол «Кыялды» өкмөттүк ишкана катары кол өнөрчүлөрдү киргизип, ошо жерди туристтик борбор кылып, кол өнөрчүлөрдү өнүктүрө турган ишкана болсо дейбиз. Булар болсо базардын баарын ижарага берип, ошондон эле байып жатышат, - деди ал. - Биз канча кат жаздык? Фракциялардын баарына жаздык, документтерибиз 102 барак болду. Эми жадап деле бүттүк, кол өнөрчүлөр «эч кимге керегибиз жок экен» деп көңүлү деле калды. Сапар Исаков премьер болуп турганда ишкананы президенттин аппаратына каратып койду. Президенттин аппаратында мындан башка карай турган иши жок бекен? Бирок азыр президенттин аппаратына караганы менен баары бир Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында экен. Демек бул менчиктештирилет деген кеп. Баягы топ ишкананы менчиктештирип алуудан үмүтүн үзө элек. Биз буга каршыбыз.
«Кыял» ишканасы Советтер Союзунун тушунда эле салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Азыркы имараты 1980-жылдардын аягында курулган. 2004-жылы президенттин жардыгы менен ишканага "мамлекеттик" деген макам ыйгарылган. Былтыр күзгө чейин Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында болгон. 2017-жылы октябрь айында ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун токтому менен президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн.
Биз бул макала жазылып жаткан чакта президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынан комментарий ала алган жокпуз. Ушул айдын башында эмгек өргүүсүнө чыкканы кеп болгон «Кыял» мамлекеттик ишканасынын башчысы Султанбек Макашов менен капысынан кездештик. Ал соода-сатыкка, базардын ишине тиешеси жок экенин айтып, өзү тууралуу дооматтар боюнча комментарий берүүдөн караманча баш тартты. Соодагер Тамара Солтобаева арызданып жаткан контролёр Рахим Алыбаев жумуштан өз арызы менен кетип калганын билдирди:
- Бүгүн кечинде президенттик балаты болот, белектерди салыштырып жатабыз. Убактым жок. Анан калса мен эмгек өргүүсүндөмүн. Мага доомат айткыдай мен эмне кылыптырмын? Эми ал киши, Тамара Солтобаева көптөн бери эле жазып жатат. Тамара эженин эмне дооматы бар экенин түшүнгөн жокмун. Мага келип айткан жок. Аны мен кысып жатыптырмынбы? Менин алар менен ишим жок, айланайын. Мен деген сүрөтчүмүн. Базар менен ишим жок. Ошол социалдык чыңалуу болбосун деп соодагерлерди бизге киргизип койгондон бери мен деле «эл оокатын кылсын» деп жөн койдум. Аны тейлегендер бар, ошолор жооп берсин. Бухгалтерияга карайт, салыкчыларга карайт, ошолор жооп берсин. Алар ошолор менен иштешет. Мага түзмө-түз карабайт деле. Базарды тейлегендер менен түздөн-түз сүйлөшсөңүз жакшы болот. Рахим Алыбаев болсо жумуштан кетип калды. Улам эле ал тууралуу жазып жатышканынан ал иштен кетип калды.
Биз «Кыялдын» мурдагы контролеру Рахим Алыбаевге да жолуктук. Ал ишканага таандык жертөлөнү өз каражатына оңдотконун ырастады. Бирок ошол жерлерди «сатып жатат» деген сөздөрдү жокко чыгарды. Алыбаев соодагер Тамара Солтобаеванын өзүн күнөөлөп жатат.
- Бирөө-жарым «ушул орунду Рахимден сатып алгам» деп айтсынчы, - дейт ал. - Алтын саткандарды эч ким кууган жок. Алар өздөрү эле кетип жатат. Алардын ордуна кол өнөрчүлөрдү киргизип жатабыз. Тамара эже өзү бирөөнүн ордун ээлеп турат. Алар деле Тамара эжеге окшогон адамдар. Менден «Рахим, ушул жерде иштеп турайын» деп суранганынан эле киргизип койгом. Эми тиги байкуш келип иштейин десе ордун бербей жатат. Буюмдар сакталуучу жай боюнча мен жоопкерчиликти ала албай жатам. Ал жер жабылып жатат. ИИМ менен түзүлгөн келишим 25-декабрда бүтөт. Ал жерде жалгыз эле Тамара эже калды. Калгандарынын баары башка жакка кетти. Тамара эже эле отурат.
«Кыял» ишканасынын кесиптик кошуунунун жетекчиси Замира Саткеева да Тамара Солтобаева аларды курулай жамандап жатат деп эсептейт.
- Тамара эжени, маселен, ким кысыптыр? – деди ал. - Андан баары тажап бүтүштү. Менде ал тууралуу канча арыз турат? Жакында эле ошол жерде турган бир баланы сабап, ал бала мага арыз менен келиптир. Мен болсо «койгулачы, ошол адамга, картаң кемпирге тийишпей, асылбай эле койгулачы» деп койдум. «Соода жайларын сатып жатышат» деп бир эле кишинин айта бергени туура эмес. Базарда отургандардын баары макулуктар эмес да. Аларды «акча бер» десең эле берип отуруп калбайт. Бир эмес, үч диплому менен отургандар бар, квалификациялуу юристтер бар. Базарыбыз такыр эле сабатсыз базар эмес.
«Кыялдын» киреше-чыгашасы тууралуу ишкананын эсепчиси Насипа Дүйшөнова «Азаттыкка» комментарий берди. Ал «акчанын көп бөлүгү сол чөнтөккө түшүп жатат» деген дооматты жокко чыгарды:
- Имаратта 97 ижарачы бар. Имараттан сырткары 222 соода жайыбыз, 69 контейнер, 52 павильонубуз бар. Имараттын аянты 14499, ал эми жерибиздики 10800 чарчы метр. Депутат Сурабалдиева «"Кыялдын" аянты 25 299 чарчы метр» деп айтып жатат. Мындай болушу мүмкүн эмес. Ал мындай маалыматты кайдан алганын билбейм. Имарат деген ошо жердин үстүндө турат да. Экөө биригип деле депутат айткандай болушу мүмкүн эмес. Айына контейнерлерден 506 миң, башкача айтканда, жарым миллион сом, павильондордон 1 миллион 166 миң сом, ал эми соода жайларынан 335 миң сом чогулат. Бул ошол орунга төлөнгөн акча. Бул жерде эч кандай деле коррупция жок. Келишимдин негизинде акча алынат, андан башка акча алынбайт.
Биз «Кыял» ишканасынын жетекчилигинен чыгып алып бул ишканага таандык орундарда соода кылган айрым адамдар менен сүйлөштүк. Алар «жер мамлекеттики» дегенине карабай соода орундары жети миң доллардан 15 миң долларга чейин сатыларын, ижара акысынан сырткары «бронь» деп акча чогултуларын айтып беришти.
Маселен, соодагер кыз-келиндердин кийимин саткан Анара бул орунда «Кыял» ачылгандан бери, 2003-жылдан тартып турганын айтып берди:
- «Кыял» ачылганда «базарды кызыткыла» деп чакырганда эле келип ээлеп калганбыз. Мисалы, мен кете турган болсом ордумду сатып кетем. Бекер берип кетмек белем?
Нурипа болсо кийизден жасалган буюм-тайым сатат.
- Мен бул жерде жөн гана сатуучу болуп иштейм, - деди ал. - Бул жердин кожоюну башка адам, товар башка адамдыкы. Менин билишимче, бул жердин ижара акысын бир жыл алдын-ала төлөшөт. Ошондо жылына 160 миң сом төлөшөт. Андан сырткары жумасына 4,5 миң сомдон «бронь» деп төлөйбүз.
Бул соодагердин коңшусу Мээрим өзү отурган орунду эжесинен сатып алган экен.
- Эжебиз бизге арзан эле - жети миң долларга саткан, - деди Мээрим. - Болбосо мындай орундар 10 миңден 15 миң долларга чейин сатылат. Патентке документ беришет, ал эми «бронь» деп төлөгөн акчабызга документ беришпейт.
Соодагер Касиет өзү отурган орунду эки жыл мурун кызылдай акчага сатып алган экен.
- Мен бул жерди жети миң долларга эки жыл мурун сатып алгам, - дейт ал. - Ошо базар ачылганда келип алып калышкан адамдардан, кожоюндарынан сатып алгам. Бирок алар «бул жер мамлекеттики, сага эч кандай документ бербейбиз, сен ошондо контейнерди эле сатып алып жатасың, эртең «кет» десе кетишиң керек болот» деп ачык эле айтышкан, эч кандай документ беришкен эмес. Өзүм сатып алганга чейин үч жыл ижарага алып иштеткем, тобокелге салып эле сатып алгам.
«Кыял» ишканасы соңку жети-сегиз жылдын ичинде бир эмес, бир канча жолу текшерилген экен, бирок анын жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес. Текшерген органдардын баары кандайдыр комментарий берүүдөн баш тартышты. Өткөн аптада Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Элвира Сурабалдиева бул ишканадагы коррупциялык көрүнүштөрдү айтып чыкканы үчүн президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев ачык коркутканын айтып чыкты. Дыйканбаев болсо депутатты жөн эле «тамашалап койгонун» айтып кутулду.