Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун иши сотко өткөрүлөт


Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов.
Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча тергөө 17-декабрда аяктап, ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып коюлган. Бирок Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев УКМКнын тергөөчүлөрү адвокаттарга иштин материалдары менен таанышканга мүмкүнчүлүк бербестен, ошол замат сотко өткөрүп берүүгө аракет кылышканын сынга алды.

- Жыйынтык чыгарып жатып, жөнөкөй бүтүмгө келсе болот - УКМКнын тергөө органдары Кулматовго карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмес, тескерисинче, каршы иш алып барышууда. Ал эми көзөмөл жүргүзө турган органдар ага шарт түзүп берип жатышат. Муну түшүнүш үчүн терең талдоо жүргүзүүнүн деле кажети жок. Кулматовду баарына ачык көрсөтүп жазалап жатканы көрүнүп эле турат, - деди ал.

Адвокат учурда кылмыш ишинин материалдары менен таанышуу мөөнөтү жүрүп жатканын, андан соң иш сотко өтөрүн айтты.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып коюлган. 5-июндан бери Кулматов УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. (KR)

XS
SM
MD
LG