Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:06

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен 460 адам абактан чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы Кылмыш-жаза кодексинин ишке кириши менен гумандаштыруунун негизинде 460 адам абактан чыгат. Бул боюнча парламенте Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте депутат Мирлан Жээнчороевдин суроосуна жооп берип жатып Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Ал сотторго майда кылмыш иштерин кыскартуу боюнча көрсөтмөлөр даярдалып жатканын билдирди.

Акыркы расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда абакта отургандардын саны сегиз миңден ашат. Ал эми Түрмөлөрдү изилдөө боюнча эл аралык борбордун маалыматына караганда, Кыргызстанда абакта отургандар он миңден ашат. (KJ/KR)

XS
SM
MD
LG