Бул өз кезегинде Өмүрбек Текебаевдин саясий сапары менен тагдырын кайрадан барактоого себеп болууда.
Кесиби боюнча физика мугалими Өмүрбек Текебаев саясатка 1990-жылдардын башында келип, анын саясий ишмердиги эгемен Кыргызстан менен дээрлик куракташ болду.
Ал сексенинчи жылдардын этегинде Базар-Коргондо мугалим кезинде окуучулардын пахта теримге чыгышына каршы болушу менен эл оозуна алынган. Кийинчерээк эгемен Кыргызстандын туусун, гимнин, гербин, улуттук акчасын кабыл алып, алгачкы президентин шайлап, “легендарлуу парламент” атыккан Жогорку Советтин депутаты болуп шайланды.
1990-жылдардын экинчи жарымынан тартып ал кездеги президент А.Акаевдин авторитардык бийлик системасына каршы курч сын пикирлер менен чыгып, күрөшчүл саясатчыга айланган. Ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагуловдун катышуусундагы парламенттик жыйындардын биринде «Акаевди Ала-Тоо аянтына алып чыгып соттош керек!» дегени ошол учурдагы күтүүсүз жана курч саясий билдирүү катары бааланганын күбө болгон журналисттер азыр да айтып жүрүшөт.
Дегеле талдоочулар арасында Ө.Текебаевдин бетке чабардыгын саясий тагдырына балта чапкан сапаттардын бири катары белгилегендер аз эмес. Маселен, Жогорку Кеңештин 2006-жылдын февраль айындагы отурумунда президент Курманбек Бакиевге карата “Уят болду, ит болду! Эркек болсо асынып өлүшү керек!” деген сөзү анын төрагалыктан кетишин шарттаган. Бул кадам ошол кезде коомчулукта мамлекеттик жетекчинин өз каалоосу менен кызматын таштап кеткен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы окуя, чечкиндүү каршылык кадамы катары бааланып, Текебаевдин саясатчы катары аброюн көтөргөн.
Текебаевдин саясий сапарында анын зоболосун көтөргөн бир нече учурду эске салса болот. Алардын эң таасирдүүсү катары Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийинки бийликти легитимдештирүүгө кошкон салымы айтылып келатат. Башкача айтканда, Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаев өзүнүн спикер катары легитимдүүлүгүн таанууга бийликтен кулатылган президент Аскар Акаевди көндүргөн жана Москвага делегацияны жетектеп барып, анын кызматтан баш тарткандыгы жөнүндөгү арызын жаздырып келген.
Бул “жоогазын ыңкылабынан” кийин президенттин милдетин аткарып калган Курманбек Бакиевдин кийинчерээк президент болуп шайланып, легитимдүү башкаруунун улантылышына шарт түзгөн. Ошол эле учурда мамлекеттик мыйзамдарды эске албагандар муну Акаевге жан тартуу катары кабылдап, Текебаевди сындашкан.
2006-жылдан баштап Текебаев “Бакиев режими Акаевдикинен да зөөкүр чыкты” деген каршылык маанайдагы саясатчылардын бирине айланган. Ал тең төрагалык кылган “Реформа үчүн!” кыймылынын тынымсыз акциялары бир нече ирет конституциялык реформаларды жүргүзүүгө, кийинчерээк 2010-жылдагы апрель ыңкылабына жол ачкан.
Текебаевдин рейтингин көтөргөн дагы бир учур бийлик менен оппозициянын күрөшү курчуп турган дал ошол 2006-жылга туура келет. Сентябрь айында иш сапарына бараткан Өмүрбек Текебаевдин жүгүнөн Варшава аэропортунда героин табылып, бирок Польша соту аны актаган чечим чыгарган. Бул эл аралык жана жергиликтүү коомчулукта Бакиев режиминин оппозициялык лидерге каршы майнапсыз аяктаган кысымы катары бааланган.
Тагдырдын тамашасы менен дагы бир чет өлкөгө иш сапарынан кайра учуп келаткан Текебаев 2017-жылдын 26-февралында “Манас” аэропортунда кармалып, бул ирет ал Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча козголгон иштин негизинде камакка алынып, сегиз жылга кесилип отурат. Саясатчынын минтип темир тор артында калышы саясий айдыңда бийликтин аша чабуусу катары бааланды.
Бул окуя президенттик шайлоо алдына туш келип, саясатчыны президенттик үчүн ат салышуу укугунан ажыратты.
Текебаев өзүнүн саясий сапарында буга чейин эки ирет - 1995-жылы жана 2000-жылы президенттикке талапкердигин коюп, эки жолу тең утулуп калган. 2000-жылдагы шайлоодо Акаевдин айыгышкан атаандашы “темир Феликс” атыккан Феликс Кулов менен тандем түзүп, шайлоочулардын 14 пайыз добушуна ээ болгон. Мындай жыйынтыкты “тандем” бийликтин өз пайдасына “добуш жасап” алгандыгы менен негиздеген. “Азаттыкка” берген интервьюларынын биринде Текебаев биринчи лидер боло албай келаткан себебин “саясий тагдыр” деп баалаган эле.
Текебаев Кыргызстандагы партиялык башкарууну жактаган жана анын калыптанышына салым кошкон, алгачкылардан болуп партия түптөгөн саясатчылардан. Адегенде 1991-жылы Топчубек Тургуналиев баштаган демократтар түзгөн “Эркин Кыргызстан” саясий партиясына төрага болуп, 1994-жылы өз алдынча “Ата Мекен” социалисттик партиясын негиздеген. Ошондон бери Текебаев жана анын партиясы Жогорку Кеңештин биринчи, экинчи, үчүнчү жана бешинчи, алтынчы чакырылышында депутаттык орунду ээлеп, төрага, фракция төрагасы болуп келе жаткан. Ошентип Текебаев кыргыз парламентинин эң узак жана туруктуу иштеген мүчөсү десек болот. Ал мыйзам чыгаруу ишмердиги жагынан башка саясий ишмерлерди алдыга чыгарбаса керек. Ал иштеп чыккан көп сандаган мыйзамдардын ана башында Конституция турат. Анткен менен саясатчыны оппоненттери “2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин кабыл алынган Баш мыйзамды өзүнө ылайыктап жазган” деп сындап жүрүшөт. Азыркы саясий тагдырын да ошонун өтөлгөсү катары жоруган оппоненттери бар.
Текебаевдин саясий тагдыры эгемен Кыргызстандын баш мыйзамдары менен тыгыз байланышта. Бардык бийликтердин тушунда тынымсыз жүрүп келген конституциялык реформалардын көбүнө дээрлик катышып келген. Маселен, Конституцияны иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн 1991, 1994, 2002, 2006-жылдардагы жумушчу топтордун ар бирине мүчө же жетекчи болгон.
Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституция дээрлик “Текебаевдин Конституциясы” деген атка конгон. Апрель ыңкылабынан кийин кабыл алынган бул мыйзамда мамлекеттик башкаруу системасына партиялык башкаруу киргизилип, 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу макулдашуу менен кабыл алынган. Ага карабай Баш мыйзам 2016-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен өзгөрдү.
“Дал ушул кадам 2005-жылдан бери үзөңгүлөш келаткан эки таасирдүү саясатчынын араздашуусуна жол ачкан” деген пикир коомдо үстөмдүк кылат. Конституциялык өзгөрүүлөргө каршы кескин пикирин билдиргенден кийин “Ата Мекен” фракциясы парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыгарылып, ачык оппозицияга өтүп, анын жетекчиси эң чуулгандуу билдирүүлөр менен чыккан. Алардын катарында президент Алмазбек Атамбаевди импичментке алып бара турган чет өлкөдөгү мүлкү боюнча маалымат топтоп жаткандыгы, курулуп жаткан менчик үйүнүн жер аянты бакиевдерге таандык экендиги тууралуу билдирүүлөрү бар. Текебаев өзү болсо соттогу акыркы сөзүндө “бийликтин кысымы кыйла эрте башталган” деп билдирди.
Коомчулукта “Өмүрбек Текебаев ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен айыгышкан кармаштын курмандыгы болгон” деген түшүнүк дагы эле басымдуу. Бирок саясатчынын президенттер алмашкандан кийинки тагдыры деле “атамекенчилер” үмүт арткандай өңүткө бурулган жок.
Жакында уюштурган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев боюнча сот чечим чыгарганын жүйө келтирип, ырайым сураса мунапыс берүүгө даяр экенин билдирди.
Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери “саясатчы мындай кадамга эч качан барбайт, күнөөсү жок” деп, тескерисинче аны актоо маселесин байма-бай көтөрүп келе жатышат.
Өмүрбек Текебаевдин 60 жашка чыккан учурга туш келген, кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган салабаттуу жыйында Жогорку Кеңештин азыркы өкүлдөрү парламентаризмдин калыптанышына олуттуу салым кошкон саясатчы тууралуу сөз кылышкан жок. Жыйынга катышкан экс-президент Роза Отунбаева буга өкүнүчүн билдирди.
Өмүрбек Текебаев коррупция боюнча айыпталып, былтыр ноябрь айында сегиз жылга эркинен ажыратылган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчынын өзүн ошол эле жылдын февраль айында чет өлкөдөн кайтып келатканда аба майданынан тосуп туруп, камакка алган. Саясатчы өзү жана анын тарапташтары муну бийликтин саясий куугунтугу катары баалап келатышат.