Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:24

Экс-премьер соттун абалын эми түшүндү


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) абактагы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун президент Сооронбай Жээнбеков менен аппараты тууралуу дооматтарын четке какты.

Мунун алдында Исаков сотто саясий куугунтукка кабылганын, сот жараянын бийлик көзөмөлдөп жатканын айтып, атайын кызматтын анык жүзүн көргөнү тууралуу сөз сүйлөгөнү маалым болгон.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков атайын кызматтын кесиптик майрамына байланыштуу салтанаттуу жыйында чекисттерди коррупцияга каршы күрөш үчүн мактап өттү.

Ушул тушта атайын кызмат "бийликтин саясий оппоненттерине каршы куралына айланды” деген дооматтардан арыла элек.

КСДП экс-премьер-министр Сапар Исаковдун Бишкек шаардык сотунда анын бөгөт чарасы каралып жаткан маалда сүйлөгөн сөзүн жарыялады. Анда Исаков сот процессин алып барып жаткан судьяга кайрылган жана анын ар бир кыймыл-аракетин "жогору жактан көзөмөлдөп жатат" деп билдирген. Ошондой эле түрмөдө отургандан бери атайын кызматтын анык жүзүн көргөнүн айткан:

"Урматтуу сот, сиз муну жакшы билесиз, бул бардык процесстердин артында президенттин аппараты турат. Алар сиздин бул жердеги ар бир дем алганыңызды, бул жерде айткан ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөп турганын айткым келет. Ошондуктан мен мунун артында менин сот процессимди өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган Сооронбай Жээнбеков турганын айтмакчымын. Өкүнүчтүүсү - мен президенттик аппараттын жетекчиси, премьер-министр болуп турганда УКМКнын дубалдарынын артында, соттордо эмнелер болуп жатканын көргөн эмес экенмин. УКМКда отургандан бери бизде көйгөйлөр чын эле абдан көп экенин көрүп жатам. Бүгүн мен саясий куугунтуктоонун ачык бир өкүлүмүн".

Сот Сапар Исаковду камакта калтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

УКМК Сапар Исаковдун дооматына дароо эле үн катты жана анын өзүн "коомчулуктун көңүлүн башка жакка бургусу келип жатат" деп күнөөлөдү. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиргени боюнча, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинде экс-премьер-министрдин мыйзамсыз иш-аракеттери далилденген.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Учурда кылмыш ишин тергөө мыйзам чегинде болуп, бардык чечимдер сот органдары тарабынан мыйзамдуу түрдө кабыл алынууда, - деди ал. - Ошол эле учурда тергөө иштеринин алкагында Сапар Исаковдун коррупциялык иштерге катышы бар экенин далилдеген материалдар алынды. Аны менен катар анын башка да долбоорлордо мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы боюнча далилдер бар. Бул фактылар боюнча да териштирүү жүрүп жатат. Өзүнүн мыйзамсыз иштери боюнча күнөөсүн билген соң Сапар Исаков коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, өзүн саясий куугунтукка кабылган адам катары сыпаттоо максатында актануу сөздөрүн айтууда. Сапар Исаковго козголгон кылмыш ишинин материалдары жалпы коомчулукка маалым жана тергөөнүн жүрүшүндө эч кандай кысым болгон жок. Ар бир процесске анын адвокаты да катышып, материалдар менен таанышууда.

Экс-премьер-министр Сапар Исаков менен УКМКнын кайым айтышуусу атайын кызмат кесиптик майрамын белгилеп жаткан күнгө туш келди. Бишкекте 20-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн салтанаттуу жыйында президент Сооронбай Жээнбеков чекисттер коррупция менен алгылыктуу күрөшүп жатканын айтты:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик ишинин маанилүү багыттарынын бири - коррупция менен күрөшүү. Бул жылы сиздер ири коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, эл арасында талкуу жараткан кылмыштардын бетин ачтыңыздар. Бардык жасаган кылмыш иши үчүн эртеби, кечпи ким болбосун жоопкерчиликке тартылат. Алардын даражасына, чинине жана коомдогу ордуна эч ким карабайт. Коррупция менен күрөшүү мындан ары да күчөй турганын дагы бир ирет эскертем.

Ушул жылдын башында президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматын кескин сындап, анын "форматын өзгөртүш керек" деп айткан жайы бар. Ошондой эле бул кызматты "өз милдетин аткарбай калды, анын өкүлдөрү "кол тийбес кастага" айланды" деп күнөөлөгөн.

Сооронбай Жээнбеков 19-декабрдагы басма сөз жыйынында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тууралуу "Азаттыктын" суроосуна төмөнкүдөй жооп берди:

- УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы башында айыл өкмөт, мектеп, оорукана, бардык мекемеге чейин кирип кеткен. Мен губернатор болуп иштебедимби. Булар айылда иштеп жаткан жер адисине чейин сүйлөшүп калышкан. Мына мен азыр "муну токтотосуңар, бир гана системалуу коррупция, бийликтин жогорку эшелонундагы коррупция менен күрөшөсүңөр" деп катуу талап коюп, тапшырма берип жатам. Эгерде Коррупцияга каршы күрөш кызматы жер-жерлерде дагы эле мурункудай ишин баштай турган болсо, мына менин сайтым бар, ошол жерден кайрылгыла. Биз азыр ачыкпыз. "Азаттыкты" окуйбуз, баарын окуйбуз. Аппарат баарын карап турат. Биз ага чара көрөбүз.

Коррупцияга каршы күрөш кызматы мындан жети жыл мурда түзүлгөн эле жана ошондон бери эле аны "Конституцияга каршы келет", "УКМКнын коррупция менен күрөшкөнү туура эмес" деген мазмундагы сын пикир маал-маалы менен айтылып келет.

Ушул тушта УКМКга байланыштуу доомат азая элек. Кийинки жылдары мамлекет чекисттерди тынбай үй-жай менен камсыз кылганы, социалдык шартын жакшыртууга көбүрөөк көңүл буруп жатканы да сынга кабылган.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов УКМК совет доорунда калыптанган репрессиялык ыкмалардан арыла албай жатат деп эсептейт:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Бүгүнкү УКМК - СССРдин убагындагы КГБнын мураскери, - деди саясатчы. - Ошол кезде КГБ СССРди, дүйнөнү титиретип турган жабык аскердик уюм болгон. УКМКда ошол кездегидей эле салт сакталып келе жатат. Бул кызмат жабык, коомчулукка ачык эмес. Ошондуктан бул кызматта тергөө органдары болгону туура эмес. Ошондуктан биз тергөөнү УКМКнын карамагынан чыгарышыбыз керек. Анткени тергөө органдары ачык, элге жакын институт болушу керек. Бара-бара реформалардын жыйынтыгында бул кызматта ички-тышкы чалгындоо, тыңчылыкка, терроризмге каршы күрөш гана калып, калган функциясынын баары өкмөткө өтүшү керек.

УКМКнын мурунку төрага орун басары Марат Иманкуловдун пикиринде, "атайын кызмат саясий куралга айланды" деген сөздөр жүйөлүү.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Реформа деген кадрларды алмаштырып, же бөлүмдөрдүн аталыштарын алмаштырып коюу менен эле бүтпөйт, - дейт ал. - Реформанын максаты ошол органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, коопсуздукту бекем сактоо да. Чоң иштерди аз күч жумшап бүтүргөндөй болушу керек. Акыркы жылдары атайын кызматка "күчтүн баары эле саясий оппоненттерге жумшалды, ушактарды эле териштирип жатат, башка маселелер каралбай калды" дегендей доомат көбөйдү. "Улуттук коопсуздук деген көп элементтен турат да, ошолорго күч жетпей калбайбы" деп кооптонгон пикирлер айтылды. Бир чети ошондой эле болуп жатты. Айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында ушундай сөздөр көбөйүп кетти. Өзүңдүн элиңдин арасынан эле душман издеп, ошондой өзү "душман" деп атап алгандар менен күрөшүп, мамлекеттин, атайын кызматтардын болгон күчүн ошолорго коротуу да туура эмес.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу козголгон кылмыш иштерине байланыштуу быйыл июнь айында камакка алынган. Бишкек шаардык соту 18-декабрда райондук соттун анын камактагы мөөнөтүн 2019-жылдын 5-январына чейин узартуу тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG