Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:01

Кыргыз-өзбек алакасынын келкели


Абдулла Арипов менен Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин жолугушуусунда.
Абдулла Арипов менен Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин жолугушуусунда.

Ош шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын башчыларынын кеңешинин жыйыны эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында өттү.

Акыркы жылдары кыргыз-өзбек чек араларын тактоодо, соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык мамилелеринде өзгөрүүлөр болдубу? Эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруунун дагы кандай багыттары бар?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов, Экономика министрлигинин аймак аралык кызматташтык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев жана экономика боюнча эксперт Эркин Абдразаков катышты.

“Азаттык”: Зайнидин мырза, кыргыз-өзбек өкмөт башчылары 18-декабрда тар жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул жыйынга сиз да катыштыңыз. Кандай жетишкендиктерди же жыйынтыктарды айтсак болот?

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Өзбекстан Кыргызстанга кучагын жайды

Көп жылдык салкын мамиледен кийин Өзбекстан биринчи жолу Кыргызстанга эшигин ачты. Өздөрүнүн чакыруусу менен барган кыргыз делегациясын коңшулар болуп көрбөгөндөй жылуу кабыл алды.

Зайнидин Жумалиев: Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу максатында көп жумуштар жасалууда. 2018-жылдын он айынын көрсөткүчүн алсак, соода жүгүртүүнүн көлөмү 300 миллион доллардан ашты.

Бүгүнкү жыйында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда тар чөйрөдө жана кеңири форматта жолугушканда да ортодогу көп маселелер боюнча кеңири талкуулар болду. Ошол талкуулардын жыйынтыгы менен премьер-министрлер 25 пункттан турган протоколго кол коюшту.

Мындан сырткары, 35 иш-чаранын негизинде түзүлгөн “Жол картасына” кол коюлду. Эки өлкө ортосундагы чек ара маселелери, банктардын кызматташуусу, айрыкча Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өндүрүлгөн товарларды, бөтөнчө айыл чарба өндүрүмүн Өзбекстанга алып кирүү маселесине көп көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстанга керектүү товарларды Өзбекстандан ташып келүүнү, бажыдан өткөрүүнү жеңилдетүү боюнча сөз болду. Ушулардын баары боюнча эки тараптан тең түшүнүүчүлүк болду, бир топ макулдашууларга жетиштик.

“Азаттык”: Улан мырза, акыркы жылдары кошуна Өзбекстан менен мамиле оңолуп, чек ара ачылып, мамлекет башчылары расмий иш сапарлары менен каттап, бир топ келишимдерге жетиштик эле. Эми аларды өкмөт кандай ишке ашырууда? Алгылыктуу кайсы бир кадамдарды атай алабызбы?

Улан Примов: Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлеринин жолугушуусу, алар төрагалык кылган кеңешменин өзү, талкууланган маселелер эки өлкөнүн мындан аркы алакасы үчүн өтө маанилүү. Кечээки тарыхты эске салсак, 2009-жылдын бери эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясы бир столго отурбай калган деңгээлге жеткенбиз. Мурда муздап калган мамилелерибиз 2016-жылдан бери жылып, кызматташуунун жаңы тепкичине жол ачылды эле. Андан бери мамилелерди жакшыртуу боюнча бир топ иш-аракеттер жүрүп жатат.

​Кыргызстан-Өзбекстан: алынбай жаткан аласа

​Кыргызстан-Өзбекстан: алынбай жаткан аласа

Быйыл февраль айынан баштап Өзбекстандын пайдалануусунда болуп келген жыйырмага чукул объектини Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүп алуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан болчу.

Мен жаңылбасам, Оштогу жолугушуу - өкмөт башчыларынын үчүнчү же төртүнчү жыйыны. Бул жакшы көрүнүш. Эки мамлекеттин ортосундагы өтө орчундуу маселе – чек араны чечүү эле, ал 85 пайыз макулдашылып, аягына чыгып келатат. Калган 15 пайызы да эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жараша чечилет деген ойдомун. Мурда соода алакаларыбыздын көлөмү 50-100 миллион доллардын тегерегинде болсо, быйылкы 10 айдын ичинде эле 300 миллион доллардан ашканы мамилелер жакшы жагына өнүгүп жатканын айтып турат.

Эмки биздин максат – Өзбекстандын кубаттуу экономикалык дараметин, инвестициялык мүмкүнчүлүгүн туура пайдалануу. Алардын жетишкендигин биз алышыбыз керек, биздин жетишкендиктерди алар менен бөлүшүүбүз зарыл. Ошол эле учурда Кыргызстан кызматташтыктын бардык процессинде дайыма улуттук кызыкчылыкты биринчи планга коюшу керек. Айталы, биз Өзбекстан тараптан көп нерсени алууга кызыкчылыгыбыз бар. Аларда жыл сайын жашылча-жемиштер Кыргызстанга караганда 15-20 күн эрте бышат. Быйыл Өзбекстандын дыйкандары биздин рынокко, керек болсо ЕАЭБдин аймагына чейин биз аркылуу жашылча-жемиштерин чыгарууга жетишти. Бул жагдай Кыргызстандын дыйкандардын кирешесине тескери таасирин тийгизди. Биздин өкмөт убагында тиешелүү чара көрүп, биздин дыйкандардын кызыкчылыгын коргой алган жок.

“Азаттык”: Зайнидин мырза, эки мамлекеттин башчылары "чектеш аймактардагы соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүш керек" деп тапшырмаларды беришти эле. Андан жыйынтык чыгып жатабы?

Зайнидин Жумалиев: Бул маанилүү чоң маселени чечүүгө аракеттер болуп жатат. Мисалы, Ош шаарына жакын “Достук” чек ара өткөрмө бекетинде мурда сегиз терезе болсо, азыр ал эки эсе көбөйдү. Өзбекстан тарап да көбөйттү. Азыр күнүнө он миңге жакын киши кирип-чыгып жатат. Биздин айтылуу Кара-Суу базары, Оштогу базарлардын негизги кардарлары өзбек туугандар болуп калды. Бул эки тарапка тең пайдалуу, кирешелүү. Азыр бир жаранга 300 долларга товар алып киргенге, алып чыкканга уруксат берилген, андан салык алынбайт. Бул да чоң мүмкүнчүлүк. Мындан сырткары, Кыргызстандан же Өзбекстандан кирген товарларды үчүнчү өлкөлөргө сатыш үчүн логистикалык борборлорду курууну макулдаштык.

“Азаттык”: Улан мырза, "Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араны тактоо, макулдашуу иши 85 пайызга бүттү" дегенбиз. Бирок ал макулдашуулар парламенттер тарабынан качан ратификацияланат?

Улан Примов: Чек аранын 85 пайызга макулдашканыбыздын өзү чоң жетишкендик. Азыркы учурда ошол келишимдеги жетишилген суроолорду аягына чейин иштеп чыгуу, толуктоо маселелери каралып жатса керек. Эки мамлекеттин президенттери макулдашып, кол койгондон кийин жакынкы убакта акыркы чечим чыгат деп ойлойм. Убагы келгенде парламенттеги ратификация маселеси чечилет.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргыз-өзбек алакасынын келечеги (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:18 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG