Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:37

Украин чиркөөсү Москвадан толук бөлүндү


Митрополит Епифаний (Думенко) биринчи сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрдү. 16-декабрь, 2018-жыл
Митрополит Епифаний (Думенко) биринчи сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрдү. 16-декабрь, 2018-жыл

Украинада Москва патриархатына баш ийбеген бирдиктүү украин православ чиркөөсү түптөлдү. Президент Петро Порошенко муну "Путинсиз чиркөө" деп атады.

Москва патриархаты болсо, тескерисинче, муну "бөлүп-жаруучулукту" мыйзамдаштыруу жана православдар үчүн катастрофа" деп белгилеген.

Жаңы украин чиркөөсүнүн көсөмү, митрополит Епифаний.
Жаңы украин чиркөөсүнүн көсөмү, митрополит Епифаний.

Москвадагы Орус православ чиркөөсүнө баш ийбеген жаңы украин чиркөөсү 15-декабрда түзүлдү. Анын башчысы болуп, 39 жаштагы митрополит Епифаний (Думенко) өмүр бою шайланды. Ал жекшемби күнү Киевдеги Михайлов чиркөөсүндө биринчи сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрдү:

- Биз оомалуу-төкмөлүү заманда жашап жатабыз. Бирок биздин күчүбүз биримдикте экенине ишенебиз. Бизди кул кылып, өлкөбүздү жок кылгысы келген бардык душмандарды жеңебиз.

Жаңы украин чиркөөсүнүн көсөмү, митрополит Епифаний 6-январда Стамбулдагы Константинополь патриархынын колунан көз карандысыз украин чиркөөсүнүн түзүлгөнү тууралуу жарлыкты алышы керек.

Ал эми Украинанын президенти Петро Порошенко Киевдин София соборундагы бирдиктүү украин православ чиркөөсү түптөлгөн жыйында буларды жарыялады:

Президент Петро Порошенко (солдо).
Президент Петро Порошенко (солдо).

- Бул эмне деген чиркөө? Бул Путинсиз чиркөө! Бул Кириллсиз (Москва патриархы - ред.) чиркөө! Бул деген орус бийлиги жана орус аскерлерине дуба кылбаган чиркөө. Анткени орус бийлиги жана орус аскерлери украиндерди өлтүрүп жатат. Бул Кудай менен байланыштагы чиркөө! Бул деген Украина менен чогуу боло турган чиркөө!

Украинанын аймагында бир нече православ диний уюмдары иш алып барып келген. 1992-жылы Украин православ чиркөөсүнүн жамааты өздөрүн Орус православ чиркөөсүнөн көз карандысыз чиркөө деп жарыялаган. Бирок ал таанылган эмес. Ошондон бери Москва патриархатына караштуу Украин православ чиркөөсү жана Киев патриархына караштуу Украин православ чиркөөсү иштеп келген. Маалыматтарда Москва патриархатына караган чиркөөнүн жамааты чоң болгон.

Украин православ чиркөөсүнө өз алдынчалыкты берүү иши октябрда башталган. Президент Петро Порошенко жана Жогорку Рада Стамбулдагы Константинополь патриархына бирдиктүү украин православ чиркөөсүн түзүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Константинополь патриархы аны канааттандырган. Бирок бул чечимди Орус правлослав чиркөөсү сындап, Константинополь патриархаты менен мамилени үзгөнүн жарыялаган.

Жаңы украин чиркөөсүнүн түзүлүшү.
Жаңы украин чиркөөсүнүн түзүлүшү.

Москва патриархаты муну "бөлүп-жаруучулукту" мыйзамдаштыруу жана православдар үчүн катастрофа» деп да атаган. Жаңы украин чиркөөсүнүн түзүлүшүн Орусиядагы карапайым православдар да колдогон жок. Москвадагы Иисус Христос чиркөөсүнө келген Вера Василева мындан чоң кайгыны көрөт:

- Болуп өткөн нерсе толугу менен болбогон кеп. Буга такыр жол бербеш керек эле. Албетте бул эч бир жакшылыкка алып келбейт. Албетте кайсы гана бөлүнүү, кайсы гана секта болбосун чоң кан төгүүгө алып келет.

Киевдин көз карашында Орус православ чиркөөсү Украинанын аймагында Кремлдин саясатын пропаганда кылып келе жатат. Президент Порошенко Украина православ чиркөөсүнүн Орус православ чиркөөсүнөн ажырашы "армияны чыңдоо, тилди коргоо" сыяктуу эле эгемендиктин бир бөлүгү деп санайт. Ал Москвадагы орус православ чиркөөсү “Путиндин гибриддик согушуна бата берип" келет деп сындаган. Орусия бул айыптоолордун баарын четке кагып келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG