Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:22

Табып дарылагандан кийин абалы оорлогон кыздын саламаттыгы жакшырды


Оор акыбалга түшкөн кыз
Оор акыбалга түшкөн кыз

Өзүн табып деп атаган Хашим Зайналиев дарылагандан кийин Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборуна жеткирилген беш жаштагы кыздын акыбалы жакшырды.

Бул тууралуу аталган бөлүмдүн онколог-дарыгери Фаёзбек Тураббаев “Азаттыкка” билдирди:

- Азыркы тапта кыз химия терапия алып жатат. Акыбалы жаңы келгендегиге салыштырмалуу жакшы. Ичиндеги шишиктери кетти, - деди дарыгер.

Эч кандай медициналык уруксат кагазы жок болсо да бейтаптарды дарылаган Хашим Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу") менен иш козголуп, тергөө башталган.

28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалдагы кыз түшкөн. Ак кан илдетине чалдыккан секелекти Хашим Зайналиев дарылаганы айтылууда.

Зайналиев буга чейин да бир нече адамды дарылап, алардын арасында жарык дүйнө менен кош айтышкандар болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG