Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Европа соту: Британия Брекситти токтотуп коё алат


Брекситке каршы акция, Лондон. 13-ноябрь, 2018-жыл.
Брекситке каршы акция, Лондон. 13-ноябрь, 2018-жыл.

Европа Биримдигинин башкы соту "Британия уюмдун башка 27 мүчөсүнүн уруксаты жок эле Брекситтен баш тартса болот" деген тыянакка келди.

Люксембургдагы Европа соту бул чечимин 10-декабрда жарыялады. Ага ылайык, расмий Лондон уюмдан чыккысы келбесе, Евробиримдиктин башка мүчөлөрүнүн уруксаты талап кылынбайт. Ал үчүн Британиянын уюмдагы мүчөлүгү боюнча кайсы бир эрежелерди өзгөртүүнүн да зарылчылыгы жок.

Буга чейин ар кыл партияга мүчө болгон британ саясатчыларынын тобу Улуу Британия Брексит жараянын бир тараптуу токтотуп койсо болоорун билдиришкен. Бирок британ өкмөтү менен Евробиримдик мындай билдирүүлөргө каршы болуп келген.

Айрым британ саясатчылары Европа сотунун соңку чечиминен кийин Британия экинчи референдум өткөрүү жолу менен уюмдагы мүчөлүгүн сактап калса болоорун айтып жатышат.

Өткөн айда британ премьер-министри Тереза Мэйдин өкмөтү жана Евробиримдик Британиянын уюмдан кандай шартта чыгаарын аныктаган негизги келишим боюнча мунаса табышкан.

Британ парламенти бул келишимге 11-декабрда добуш бергени жатат. Бирок парламенттеги либерал-демократтар, лейбористтер, керек болсо Мэйдин Консерваторлор партиясынын өкүлдөрү да бул макулдашууга каршы добуш бере турганын айтып жатышат.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын жарымынан бир аз көбү Евробиримдиктен чыгууну жакташкан. Жол картасына ылайык, Британия 2019-жылдын 29-мартында уюмдагы мүчөлүгүн толук токтотушу керек.

XS
SM
MD
LG