Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:57

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы балдарга карата зомбулукка көңүл бурду


БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) бийлик органдары менен бирге ата-энеси миграцияга кеткен балдарды асыроо жол-жобосун иштеп чыгат. Ага ылайык, ата-энелер чет өлкөгө кетээрдин алдында балдары үчүн жоопкер дайындап кетиши керек. Ал адам балдар үчүн жоопкерчилик алып, жөлөкпулду колдонууга укуктуу болушу зарыл.

Мындай билдирүүнү ЮНИСЕФ Чүй облусунда чарчап калган эки жашаар наристенин өлүмүнөн соң таратты. Бул баланын энеси Орусияда иштегени кетип, наристени тааныш курбусуна калтырганы белгилүү болгон.

ЮНИСЕФ Кыргызстандын бийлигин бул окуядан сабак алууга жана өлкө жарандарына балдарга зордук-зомбулукту биргеликте токтотууга чакырды.

Бул окуя трагедия болгуча күтүп отурбай, балдарды зомбулуктун ар кандай формасынан коргоо үчүн чукул аракет көрүшүбүз керек деген сабак берди. Ата-энеси тең миграцияда жүргөн 119 миңден ашык балага милдеттүү түрдө асыроочулукту (опекундукту) киргизүү абдан маанилүү жана керектүү чара, - деп айтылат ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуонун билдирүүсүндө.

Учурда кыргызстандык миллионго жакын адам чет өлкөлөргө иш издеп чыгып кеткени айтылып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG