Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:18

"Сүйгөнүм жок жашай албайм, кечиргиле..."


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жети-Өгүз районунун Дархан айылында 19 жаштагы кыз асынып каза болду. Бул окуяга удаа эле анын 21 жаштагы жигити Беловодскийдеги түзөтүү абагында өзүн өзү атып жан берген.

Учурда каза тапкан кыз менен жигиттин ата-энеси каргашага кимди күнөөлөрүн билбей турган чагы. Каза болгон Нурия Караколдо эжеси Адинай менен чогуу бир батирде турчу.

29-ноябрь күнү алар айылдан келген ата-энеси менен кафелердин биринде чогуу болушкан.

Ата-энесин айылга узаткандан кийин кыздар батирге кайтып келген. Бир аздан кийин Нурия телефонун жоготконун айтып, көчөгө издегени чыгып кеткен.

- “Маршрутка токтогончо барып келейин” деп айткан. “Макул, бат кел” дегем. Саат алтыдан өтүп калган эле. Жети жарымга чейин күттүм, андан кийин машина менен издеп таптым. Ылдый жактан келаткан экен, “жаңы эле алдым” деп телефонун көрсөттү. Ошол убакта жанында кызыл курткачан бала бар болчу, бирок бетин көргөн эмесмин. Нурияга үйгө бара бер деген бойдон өзүм бир жакка кеткем. Ал ортодо ага СМС да жаздым. Эмнегедир чакырган жерге отура албай койдум. 20 мүнөттөн кийин эле үйгө такси менен келгем. Каалганы ачпай койгонунан талкалатып кирдим, - дейт каза болгон кыздын эжеси Адинай.

​Адинай үйгө киргенде сиңдиси Нуриянын асынып калганын көргөн.

Маркумдун атасы Нурбек Ажыкожоев алгач кызынын телефонун бирөөлөр алып коюп, Нурия барганда кордогонбу деп шек санаган.

Бирок кыздын эжелери кыздын денесин көргөндө зомбулуктун тагы жоктугун көрүшкөн. Буга байланыштуу соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

Нуржигиттин каты.
Нуржигиттин каты.

Кыздын туугандары Нуриянын телефонун блоктон чыгарып текшерген. Анын ичиндеги сүйлөшкөн жигити менен жазышкан каттарын окушкан. Учурда алар балким өлүмгө ошол жигит себепкер болгонбу деп ойлоп жатышат.

- Дархандык бала экенин ошондо билдик. Ал бала “менин өлөрүмө аз калды” деп, кызды кыйнай бериптир да. Эгер кызды чындап жакшы көрсө, оорусун жашырып коймок да. Эки-үч айга бир жакка кетип жатам деп койсо эмне болот эле? Биздин кыз аябай ак көңүл, ишенчээк эле, - дейт кыздын атасы.

Нурия сүйлөшүп жүргөн деп айтылган 21 жаштагы Нуржигит Беловодскийдеги түзөтүү абагында иштечү. Ал 30-ноябрда жумуш учурунда өзүн өзү атып өлгөн. Уулунан айрылып, көз жашы көл болгон Кенжегүл Курманалиева буларды айтты:

-Мага бир балам чалып, “Нуржигит байкем ооруп атыптыр, Караколго ооруканага жатышы керек” деп айтты. Мен ичимден андай болуп калса, өздөрүнүн аскердик госпиталына жаткызат эле деп аябай ойлондум. Көрсө балам эчак эле өлүп калыптыр.

Нуржигит өлөөр алдында кат жазып калтырып кеткен. Баланын аталаш эжеси Нуржамалдын айтымында, анда “Нурия экөөбүзгө тоскоол болгондорго ыраазы эмесмин” деген сөздөр жазылган.

Нуржамал бизге жигит калтырган каттын көчүрмөсүн окутту. Анда Нуржигит “Жигит үчүн эң башкысы намыс эмеспи. Сүйгөнүм Нурия бул дүйнөдө жок болгондон кийин, жер үстүндө басып жүрө албайм” деп жазган жери бар экен.

Нуржигиттин сөөгү экспертизага алынган, жакындары анын жыйынтыгы бир айдан кийин билинерин айтышууда.

Каза болгон Нурбек кызы Нурия төрт бир туугандын экинчиси болгон. Ал Каракол шаарындагы медициналык коллежде 2-курста окуп жаткан.

Ал эми маркум Нурлан уулу Нуржигит Беловодскийдеги түзөтүү абагында кинолог болуп иштечү. Ал дагы беш бир туугандын экинчиси болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG