Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Йылдырым: Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда көлөкө түшүргөн жагдай бар


Бинали Йылдырым менен спикери Дастан Жумабеков жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берип жатат. Бишкек, Кыргызстан.
Бинали Йылдырым менен спикери Дастан Жумабеков жолугушуудан кийин журналисттерге маалымат берип жатат. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Бинали Йылдырым Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков менен жолукту.

Түрк парламентинин төрагасы анда "гүленчилер" темасын козгоду:

- Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланышыбызга көлөкө түшүргөн бир маселе бар. Ал Түркиядагы төңкөрүш аракетин жасаган ФЕТО террордук уюму. Бул маселе боюнча Чыңгыз Айтматовдун тилинде бир мисал бере кетейин. Айтматовдун чыгармаларында “Алар силер сыяктуу кийинет, силер сыяктуу сүйлөйт. Бирок өзүнүн мамлекетине чыккынчылык кылат. Өз элинин душмандарына кошулуп, өз улутуна каршы иштейт” деп жазган. Бул каарманды "Манас" эпосунда Көзкаман деген аталыш менен да жолуктурууга болот. Бирок Көзкаман менен маңкуртту чаташтырбаш керек. Маңкурт - бул акылынан айныган, эмне кылганын билбеген бир байкуш. Көзкаман болсо бардыгын билип туруп иш кылган чыккынчы. Гүленчилер дал ушул Көзкаман сыяктуу. Чынгыз Айтматов аларды абдан жакшы билген экен жана насаат катары айткан экен. Кыргыз парламентинин төрагасы жана кыргыз президенти бул маселенин канчалык маанилүү экенин билет жана өз аракетин кылып жатат. Биз бул аракетиңизди кыргыз-түрк мамилесинде абдан маанилүү жана баалуу деп эсептейбиз. Аракетиңиз үчүн түрк элинин атынан ыраазылык билдирем, - деди Йылдырым.​

Бинали Йылдырымдын Кыргызстандагы иш сапары 6-декабрда башталды. Бул күндөрү ал Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен да жолукту. Йылдырым баштаган парламенттик делегация 7-декабрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды. Учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган жыйынга катышууда.

Түркияда 15-июль 2016-жылы аскердик төңкөрүш кылуу аракети башталып, аны расмий бийлик "АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады" деп айыптап келет. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери бул дооматтарды четке каккан. (ElB\ErN\BkA)

XS
SM
MD
LG