Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Кыргызстандын карызы төрт айда 16 млн. долларга көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноябрь айында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 427,11 млн. АКШ долларын түздү. Бул июнь айындагы көрсөткүчтөн 16 млн. долларга көп. Анын басымдуу бөлүгүн тышкы карыз түзөт. Финансы министрлиги 7-декабарда тараткан маалыматка караганда, Кыргызстандын эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттерге карызы 3 млрд. 860 млн. доллардан ашат. Мамлекеттик ички карыз 620,21 млн. доллар деп көрсөтүлгөн. Маалыматка караганда, төрт айда ички да, сырткы да карыз көбөйгөн.

Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 млрд. долларга жакын сумманы төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 44% жакынын түзөт.

2018-жылдын сентябрында мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 3,3 млрд сомго жакын акча бөлүндү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG