Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:52

Кыргызстан менен Орусия күйүүчү май боюнча келишимге кол койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусия 1 млн. тоннага жакын күйүүчү жана майлоочу майды кошумча алымы жок ташуу боюнча келишимге кол койду. Анын көлөмү керектөөгө, суроо-талапка жараша өзгөрүшү ыктымал. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди. Документке Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар комитети менен Орусиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү 6-декабрда кол коюшту.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кескин кымбатташы ушул жылдын башында эле байкалды. Мунай ташуучу компаниянын маалыматына ылайык жарым жылда эле бензиндин баасы 6,5 пайызга, дизелдин баасы 11 пайызга көтөрүлгөн.

- Азырынча баасын айта албайм. "Келишимдин негизинде кошумча алымы жок көлөм бизге келет" деп айтып жатабыз. Ал эми баасы ар бир айдын биринчи күнү өзгөрүп турат, мунай иштетүүчү завод бизге дүң баасын айтат. Азырынча баа белгисиз, мунайдын баррелинин баасы 1-2% төмөндөп жатат. Эмдиги айда кандай болору белгисиз, - деди Эшатов.

Кыргызстандын ички рыногуна керектелчү күйүүчү май Орусиядан ташылып келет. Орусия Кыргызстанга мунайзатты бажы алымдарын төлөбөстөн экспорттоого уруксат берген.

2018-жылдын январь айынан баштап Кыргызстанга 504 миң тонна мунай өндүрүмү жеткирилген. Анын 234 миң тоннасы бензин болсо, 270 миң тоннасы дизелдик күйүүчү май. (КЕ)

XS
SM
MD
LG