Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Жунусовдун иши жана бажыдагы коррупция


Адамкул Жунусов.
Адамкул Жунусов.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Азербайжанда кармалды. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат. Буга чейин Жунусовго кылмыш иши козголуп, сыртынан айып коюлган эле.

Бул окуядан кийин айрымдар бажыдагы калган коррупционерлерге чара көрүлбөй жатканын айтып чыгышты. Дагы башкалары издөө жарыяланган чет жактагы башка саясатчылар кармалбай жатканын сынга алышууда.

Качкан киши кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалганын алгач Азербайжандын “Новая эпоха” маалымат агенттиги жазып чыкты. Башында бул маалыматты кыргыз бийлиги тактабай жатып, эми гана ырастады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур Жунусов жөнүндө “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Буга чейин издөө жарыяланган Кыргызстандын жараны, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов 4-декабрда Нью-Йорк-Баку каттамы менен учуп келген учурда Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы аэропортто кармалды. Ушул жылдын август айында ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, сыртынан айып тагылган. 18-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Учурда Финансы полициясы кеп болуп жаткан жаранды Кыргызстанга экстрадициялоонун үстүндө иштеп жатат.

Кеп болуп жаткан берене боюнча кылмыш ишин Башкы прокуратура быйыл июль айында козгогон жана бажыдагы кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген кине таккан. Прокуратура жүйө катары 2014-жылдын экинчи кварталы үчүн 3 миллион 303 миң сом сыйлык катары маянага мыйзамсыз кошулуп берилгени аныкталганын кабарлаган.

Ал эми Финансы полициясы бул ишти тергөөнүн жүрүшүндө Адамкул Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурганы” аныкталганын жарыялаган. Финполициясынын маалыматына караганда, мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон (166 971 821,25 сом) ашуун зыян тарткан.

Бул билдирүүлөрдөн кийин Адамкул Жунусов тергөө менен кызматташуудан качып, чет өлкөдө жашынып жүргөнү айтылган. Мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров анын качканын сынга алды:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

- Эгер кайсы бир маселе боюнча айып тагылса, Кыргызстандын качып кеткен аткаминерлерди чын эле күнөөлүү деп эсептейм. Аларды кармаса кармап, кармабаса сыртынан болсо да соттоп салыш керек. Күнөөсү жок адам неге качат? Түрмөдө болсо да жатып, актыгын далилдеп, соттошуу керек да. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы – албетте, Жунусов - биздин коррупциялык системанын курмандыгы. Мамлектетик бажы кызматына кимди койбосун, ал коррупция жасайт, президенттин айтканын кылат. Башка чарасы жок. “Президенттин айтканын кылбайм, мыйзам менен иштейм” деген адамды ал жерге директор кылып алып барышпайт. Ал жерде олтурган киши президентти каржы менен камсыздап турат, майлуу-сүттүү кызмат да, кыскасы. Жаңы келген президентке өтпөсө качат же камалат. Мен билгенден Жунусов Кулматовдун адамы, ошол мурдагы бийликке иштеп берген киши. Эми кармап келишсе, сот болсун, күнөөсү болсо жазасын тартсын, ак болсо акталып чыксын.

Адамкул Жунусов бажы тармагында 1995-жылдан бери иштей баштаган. 2005-жылдары Нарын бажы кызматында башчынын орун басары, Ысык-Көл бажы кызматынын жетекчиси, 2011-жылдары Борбордук бажы кызматынын башчысы болуп эмгектенген. 2013-жылдан 2016-жылдын жаз айларында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп иштеген.

Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган учуру. 2015-жыл, 10-июль.
Адамкул Жунусов Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турган учуру. 2015-жыл, 10-июль.

Жунусов 2018-жылдын февраль айына чейин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп турган.

Жунусов менен “Райым миллион”

Адамкул Жунусов 2012-жылы Мамлекеттик кадр кызматына берген декларациясындагы маалыматка ылайык, анын өзүндө жана жакындарына катталган 37 миллион сомдук кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк болгон. Бирок "Дело №" гезити кийинчерээк “Бажыдагы миллионерлер” аттуу иликтөө материалында байлардын сап башына Адамкул Жунусовду киргизген. Башка басылмалар да аны Кыргызстандагы эң бай адамдарынын алдыңкы саптарына кошушкан.

​Бажы тармагындагы коррупцияны иликтеп жүргөн журналист Семетей Талас уулу Жунусовдун ишмердүүлүгүндөгү мыйзамсыз жагдайлар тууралуу жазып чыккандардын бири. Бирок ал муну менен кошо бажыдагы башка күркүлдөргө да чара көрүлүшү керек деп эсептейт:

"Торугарт" бажы өткөрүү пункту.
"Торугарт" бажы өткөрүү пункту.

- Негизи бул камоо күтүлгөн эле нерсе болчу. Бирок бул жерде Адамкул Жунусов жалгыз эмес да. Ал өзүнүн жардамчылары менен кошо эл аралык топ түзүүгө жетишкен. Муну Кытайга кирип чыккан жүк ташуучу автоунаалардын саны менен эле тактап койсо болот. Биздин Мамлекеттик бажы кызматы маалымат бербесе, Кытайдан сурап ар бир автоунаа үчүн берилген визалардын саны менен кагазга түшүрүлгөн автоуналардын санын эле салыштырып койсо баары чыгат. Мисалы, айына Кытайга үч миңдей машине кирсе, ошону бөлүп келгенде күнүнө 50-60 машине Бишкек-Торугарт бажыканасы аркылуу кирип, төлөм бериши керек. Жунусовдун тушунда күнүнө канча автоунаа эсептелгенин, Кытайдын декларациясында канча жазылганын билсе эле баары ачыкка чыгат. Азыр “166 миллион сом зыян келтирди” деп атпайбы, бул айсбергдин үстү эле. Эгер ошол маалыматтар ачыкка чыкса, алар керек болсо айына ушунча сумма зыян келтирип турганы чыгып калышы мүмкүн. Экинчиден, жүк ташууда монополист болуп алган дунган фирмалары менен булардын байланышын иликтесе да толтура нерсе чыгат. Бирок Торугартты Жунусов караса, Эркечтамды Райым караган да. Ушуга окшош эле бажыда “орду” бар “Райым миллионду” эмнеге камашпайт? Ал азыр спорт клубдарын каржылап, футбол талаарына жумшап аткан миңдеген долларларын кайдан алганы эмне үчүн такталбайт? Бул кош стандарттуулук болуп калып атпайбы. Эгер бийлик башкаларын камаса, Райымды да кармап, кустурушу керек.

Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

​Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, “Райым миллион” каймана аты бар Райымбек Матраимовду “капчыкка” салыштырып, президент Сооронбай Жээнбеков аны калкалап жатканын билдирген. Бажычынын бир тууган агасы, депутат Искендер Матраимов иниси “Райымбек коррупцияга аралашпаганын" билдирген.​

Качкан саясатчылар качан кармалат?

Эгер белгилүү саясатчы, атминерлерди эле эсепке алсак, Адамкул Жунусов чет жакта кармалган кыргызстандыктардын экинчиси болуп калды.

Эки айдай мурдараак Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланып, көп өтпөй эле Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Мындан башка мурдараак же жакынкы жылдары эл аралык издөө жарыяланган саясатчылардын дээрлик эч кимиси кармалган жок. Ушундан улам коомчулукта түрдүү суроолор жаралды. Бул тууралуу коомдук ишмер Жылдызбек Турганов ой бөлүштү:

- Биз, маселен, Интерполдо өкүлүбүз бар, БУУнун мүчөсүбүз, ЕАЭБдин мүчөсүбүз, дүйнөнүн бир топ мамлекеттери менен кылмышкерлерди экстрадициялоо тууралуу келишимдерибиз бар. Бирок мына Беларустан Курманбек Бакиевди, анын бир туугандарын, Британиядан Максим Бакиевди канчадан бери алып келе алышкан жок. Мына, коррупцияга айыпталып, качып кеткен экс-депутат Аскарбек Шадиевди кармап, алдырып келе алышпады. Мына, каза болуп калган Кадыржан Батыров баштаган башка кыргызстандык жикчил саясатчыларга издөө жарыяланганы менен кармалган жок. Ошол эле Убактылуу өкмөттүн, кийин Атамбаевдин тушунда да аларды алдыруу ишке ашпады. Демек, бул жерде кээ бир күч органдарынын кызматкерлери алардын акчасын алып, документ жасап качканга жардам берген. Азыр болсо Икрамжан Илмиянов менен Адамкул Жунусовдун кармалганы “демек, бийлик өзү каалаган адамын гана кармап алдырып келет экен да” деген ойду жаратып жатат. Болбосо “булар азыркы бийлик менен келише албай калган го” деген да пикирлер айтылып жатат. Андай болбосо анда ошол мен санагандардын бардыгын алып келишсин. Болгону ага саясий эрк эле керек.

​Бажыдагы 166 млн. сомдук зыян тууралуу козголгон кылмыш ишинин негизинде жыл башында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган. Жакында эле, 4-декабрда “Түндүк” бажы бекетинин жетекчисинин орун басары Элнура Мамбетжунушева башка коррупция ишине байланыштуу камакка алынган.

Расмий маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдары бажыдагы коррупция боюнча 15 кылмыш иши козголгон, мамлекет тарткан зыян 450 миллион сомго жеткени эсептелген.

2012-жылдан бери 100дөй кызматкерге айып коюлган, алардын жетөө ушул тармактын ардагерлери.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG