Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Буштун тажиясына АКШнын беш президенти келди


Жорж Буштун мамлекеттик тажиясы 5-декабрда Вашингтондогу улуттук кафедралдагы собордо өтүп жатат.
Жорж Буштун мамлекеттик тажиясы 5-декабрда Вашингтондогу улуттук кафедралдагы собордо өтүп жатат.

Американын 41-президенти Жорж Буштун мамлекеттик тажиясы 5-декабрда Вашингтондогу улуттук кафедралдагы собордо өтүп жатат. Ал 30-ноябрда 94 жаш курагында көз жумган.

Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына Американын саясий элитасы, белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, азыркы жана мурдагы президенттер келди. Көзү тирүү экс-президенттер - Жимми Картер, Билл Клинтон жана Барак Обама тажияга жубайлары менен катышууда. Ага учурдагы президент Дональд Трамп да жубайы Мелания менен келди. Мамлекеттик коштошуу зыйнатында маркумдун уулу, экс-президент, кичүү Жорж Буш сөз сүйлөйт.

Буштун үй-бүлөсүн сындап келген азыркы президент Дональд Трамп сөз албайт. 1973-жылдан бери биринчи жолу мурдагы мамлекет башчысын акыркы сапарга узатууда кызматтагы президент сөз сүйлөөгө чакырылган жок.

Американын 41-президентин акыркы сапарга узатууга чет өлкөдөн британ ханзаадасы Чарльз, Германиянын канцлери Ангела Меркел, Иорданиянын королу Абдалла, Польшанын президенти Анджей Дуда келери кабарланган.

Маркум Жорж Буштун сөөгү 6-декабрда Хьюстондо, анын президенттик китепканасынын аймагында, жубайы Барбаранын жанына коюлат.

XS
SM
MD
LG