Мыйзам долбооруна ылайык партиялык тизменин үчүнчү талапкери сөзсүз кыз-келиндерден болот. Мындан тышкары, депутаттыктан чыккан аялдын ордуна мурдагыдай тизме боюнча кийинки эркек келбестен, башка талапкер кыз-келин гана болору белгиленген.
“Квота тууралуу мыйзам бар экенине карабастан, аялдарды парламенттен сүрүп чыгаруу өнөкөтү дагы эле бар. Мыйзамда белгилүү пайыздык норманы сактоо каралган, бирок бизде мыйзам эрежеси сакталбайт. Депутаттыктан кеткен аялдын ордуна көбүнчө тизмеде кийинки турган эркек депутат болуп келет, - дейт Никитенко. – Мурдагы чакырылышта биздин өзгөртүүнү колдоп бир гана эркек добуш берген. Бирок быйыл биз мыйзамга өзгөртүүнү өткөрүүгө жетиштик, эми 2020-жылкы шайлоодо тизмедеги ар бир үчүнчү талапкер аялдардан болот”.
Аз улуттагылардын квотасы мурдагыдай эле өзгөрүүсүз калат – алардын өкүлү 15% кем болбошу керек. "Жогорку Кеңеште кандайдыр бир басынтууну сездиңизби?" деген суроого Наталья Никитенко андай учурлар болбогонун билдирди:
- Мен өзүм улуттук белги боюнча кандайдыр бир басынтууну буга чейин кезиктире элекмин. Адамдар менен жолугушууда өзүмдү эркин сезем, алар кыргызча сүйлөгөндө баарын түшүнөм. Азырынча кыргыз адабий тилин түшүнүү мага татаал болуп турат, күндөлүк карым-катышта кыргызча сүйлөшө алам, азыр да тил үйрөнүүдөмүн.
Мындан тышкары, депутат Никитенко англис тилинде эркин сүйлөйт. Чет өлкөгө чыккан иш сапарларынын биринде ал баяндамасын англис тилинде жасаган.
- Кыргыз парламентинде депутатка сый-урмат, мамиле-катнаш анын аял же эркек экенине, жаш курагына же улутуна байланыштуу эмес. Анын баары жекече сапаттарына, тигил же бул маселе боюнча позициясына, саясий көз карашына байланыштуу, - дейт Никитенко.
Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн созулуп кетишин парламенттин Мыйзамдуулук, кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөш комитетинин төрайымы Наталья Никитенко Эсеп палатасынын бүтүмү аягына чыкпай жатканы менен түшүндүрдү:
- Экспертиза белгиленген, анан да бул иш келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөөнүн, жыйынтыктарды чыгаруунун татаалдыгына байланышкан. Ошондон улам иш аягына чыга элек. Тийиштүү органдар Эсеп палатасынын иши качан аяктарын күтүп отурушат.
Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш иши боюнча Никитенконун айтканы боюнча, УКМК менен прокуратура өкүлдөрү Жогорку Кеңештин комитетинде Кулматов көрсөтмө бербей жаткандыктан, кылмыш ишин иликтөө создугуп кеткенин расмий билдиришкен.
- Саясий камактагылар боюнча соттор тарабынан мыйзамсыз өкүмдөр чыгарылган, аларга ишенич аз, - дейт Никитенко. – Биз кызматташтарыбыз жана адвокаттарыбыз менен бирге жаңы ачылган жагдайлар боюнча Текебаев менен Чотоновдун иштерин кайра кароого олуттуу негиздер бар экенин негиздеп, сунуш кылдык. Бирок Башкы прокуратура бизди колдогон жок. Саясий камактагылар боюнча бийликтин так, түшүнүктүү позициясы айтыла элек: парламенттин да, президенттин да. Биздин партия каралоонун ар кыл этаптарынан өттү. Репрессия машинасынын баарысын балчайта басып кеткен оор дөңгөлөгүнүн алдына бизге окшоп бир да партия туш келген жок, буга укук тартибин коргоочу мамлекеттик органдар, мамлекеттик коомдук телеканалдар, башка маалымдоо каражаттары тартылды. Алар такталбаган, караманча калпты, адамдык абийир, ар-намысты тебелеген жалган маалыматтарды жазганбай таратып турушту. Муну биз башыбыздан өткөрдүк, партияны алсыратуу жана каралоо үчүн талоончулук (мародерлук) темасын апыртып ийишти.
Унуткарылган "Белизгейт"
Унуткарылган "Белизгейт"
"Ата Мекен" партиясын жаманатты кылуунун кийинки этабы саясий репрессияны күчөтүүдөн көрүндү. Ошонун бири - «Белизгейт». Атайын комиссия түзүлгөнүн билесиз, маселени парламентте кароо учурунда, расмий бийлик өкүлдөрүнүн жоопторунда "Белиз мамлекетинен" деген маалыматтардын калп экени, ал тургай айдан ачык мыйзам бузуу, бурмалоо болгону, анын баары коомчулукка чын катары жарыяланганы ачыкка чыкты.
Тарых баарын орду-ордуна коёт. Бийлик башына келгендер бул иштердин аларга дегеле тиешеси жоктой ойлошот, өкүмдарлар башка бир оюн эрежелери менен өмүр кечирерине ишенишет. Андай болбойт, тарыхтагы Домоктун кылычы баарынын башында турат.
Учурунда совет мамлекети саясий репрессиялар фактысы болгонун моюнга алып, адамдарды актоого кудурети жеткен. Азыр деле ошондой учур - жаңы бийлик саясий эркин көрсөтүп, коом алдында жооп бериши керек. Бул суроо дагы кыйлага жоопсуз калбашы керек. Күтүү өтө эле узарып кетти, жаңы бийликке ишенич азырынча аягына чыга элек, ошол эле учурда убакыт да аз калды. Биз азырынча күтүү режиминдебиз.
Бермет Букашева
Которгон Бекташ Шамшиев