Тилдин өмүрүнүн узактыгы ошол тилде сүйлөгөн элдин өз эне тилине жасаган мамилесине жараша болот.
***
Өз эне тилинде сүйлөбөгөн, өз тилинде ойлонбогон, өз тилинде китеп окубаган мээ – өз элинин какшып калган талаасына окшош. Ал “талаага” эч качан “кыргыз тилиндеги сөздөр” өспөйт, кыргыз тилиндеги “жер-жемиштер” өспөйт. Андай мээдеги “талаалар” бир күнү куурап, керекке жарабай жок болот.
***
Адамдар каттабай калган жолдорду чөп басат. Каралбаган жер-жемишти отоо басат. Майланбаган дөңгөлөктү дат басат. Сүйлөнбөгөн тилдин эли жок болот.
***
Зарылдык, муктаждык болбогон жерде тил керектен чыгат. Басынып, чүнчүп, жүдөп, кедерине кетет. Өз жеринде өз тилине кожоюндук кыла албаган элдин өзүнөн күчтүү, өзүнөн кубаттуу өлкөлөрдүн катарында кадыр-баркы, салмагы болбойт. Мындай элдин кунары кетип, куту учат.
***
Мындан бир топ жыл илгери Кыргызстанга ыктыярчылык кылып келген жапониялык Кацко Шинзабо деген кыз:
- Кыргыз тили биздин жапон тилине окшоп кетет экен. Силер бою кичик кишини “кодоо же “кодогой” десеңер, биз “кодомо” дейбиз. Силер “камчы” десеңер биз “мчу” дейбиз, - десе, дагы бир жапон кызы Юмико Ишизако:
- Кыргыз тили аябай музыкалуу тил экен. Адамдар сүйлөшүп жатканда музыка угулуп тургансып сезилет, грамматикабыз да окшош экен,- деген эле.
Мен ушул доордо өз тилин жерип, сүйлөгүлөрү келбей, жийиркенип жүргөн ини-карындаштарымды ойлоп, ичим сыздап, эки жылдын ичинде кыргыз тилин да, ага кошуп комузду да үйрөнүп кайтып бараткан жапон кыздарын эмне деп алкаарымды билбейм.
- Кыздар, айтсаңар, Жапонияда өз тилин чанып, жалаң англисче сүйлөп, балдар эне тилин окугусу келбей, жапон тилиндеги мектептер азайып, жабылып жаткан мисалдар барбы? , - деп сурадым.
Жапон кыздары боору эзилгенче күлүшүп:
- Бизде такыр андай болбойт, биз жалаң гана жапон тилинде окуп, жапон тилинде сүйлөшөбүз. Кокус бизде кимде-ким өз эне тилин чанса, анда сени эл катары Кудай өзү чанат, өз эне тилин чанган эл оору-сыркоодон, кырсыктан кутула албай, эч качан оңоло албай, жакшылыкка жете албай жүрүп өтөт, анткени ар бир элдин эне тилинде ошол элдин өзүнө гана таандык ачкычы, ошол элди гана сактай турган, энелердин сүтү менен келген мээрими, сүйүүсү болот, кимде ким эне тилин чанса, энесинин сүтүн чанып, энесинин ыйык сүтүн тепсегени деген ишеним бекем жашайт бизде, - дешкен болчу.
***
Кыргыз бүгүн кылдын учунда, бычактын мизинде кылтылдап турат. Кыргызды жок болуп кетүүдөн азырынча өмүр бою араба тартып жүрүп чарчап, чаалыгып, ташыркап бүткөн атка атка окшогон кыргыз тили гана сактап турат.
***
Адам баласы аябай карып, акыры бул дүйнөдөн акыркы сапарына кетерде эти сөөгүнөн кача баштарын көп ирет көргөм. Жер шары да баштагы ал-күчүнөн тайып, мөңгүсү азайып, суулары тартыла баштады. Ошонун сыңарындай эне тилибиздин да танабы тарый баштады.
***
Тилсиз жан болбойт. Кудай баарына тил берген. Тоонун да, таштын да, чөптүн да, суунун да, атургай дудуктардын да тили бар.
Бир гана кулда тил болбойт, кул болгон элде тил болбойт.
***
Тил деген тил жаатында жүргөн илимпоздуку же тилчиники эмес. Тил деген элдики, тил деген эл дегендин эле синоними, элдин тамыры. Сүйлөнбөгөн тил - тамыры куурап, чирип бараткан даракка окшош.
Өткөндө тамыры чиригенден шамалга кулап түшкөн Бишкектеги бир дарактан бир киши өлсө, тамыры чиригенден “кулап түшкөн” бир тилден бүтүндөй бир эл өлөт.
***
Дүйнөдөгү тилдерди мен миң сандаган өзөн-сайлар менен дайралар туш-туштан агып келип куюп жаткан зор мухитке салыштырат элем. Ошол өзөн-сайлар менен дайралардын өйүз-бүйүзү жап-жашыл тал-теректерге, дүйүм чөптөр менен жайнаган гүлдөргө толуп, миң түркүн куштар сайрап турат. Кокус дайралардын бирөө эле соолуп жок болсо анын жээгиндеги жашоо токтоп, какыраган жансыз чөлгө айланат. Сайрап турган куштар башка жактарга учуп жок болушат.
Мен эне тилимдин ушинтип соолуп жок болушун эч качан каалабас элем.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.