Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Түрмөдөгү тополоң: жаңы жагдайлар


Хожент шаарындагы түрмөнүн сырткы көрүнүшү.
Хожент шаарындагы түрмөнүн сырткы көрүнүшү.

Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдө тополоң чыгарды делген адамдарга карата жаңы кылмыш иштери ачылды. 8-ноябрга караган түнү болгон окуя боюнча абакта отурган онго чукул кишиге айып тагылып жатканы белгилүү болду.

Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги №3/3 колонияда чыккан тополоң боюнча абакта отурган бир нече адамга жаңы кылмыш иши козголгонун бул окуядан кабары бар булактар “Азаттыктын” тажик кызматына билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, ушул бейшемби күнү түрмөдө жазасын өтөп жаткан кеминде тогуз киши Хоженттеги тергөө абагына жеткирилген. Аларга “адам өлтүрүү”, “денеге оор залал келтирүү”, “бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү” жана “түзөтүү абагындагы режимди бузуу” сыяктуу бир нече беренелер боюнча айып тагылууда.

“Азаттыктын” тажик кызматы азырынча алардын бирөөнүн гана тек-жайын аныктай алды. Атын атагысы келбеген булактардын айтымында, Мухаммад Юнусов Кылмыш кодексинин 11 беренеси боюнча айыпталып жатат. Бирок тажик бийлиги түрмөдө тополоң чыгарды деп айыпталгандар боюнча азырынча маалымат бере элек.

Тажикстандын түндүгүндөгү бул түрмөдө 8-ноябрга караган түнү тополоң чыгып, алгач андан баш-аягы 50дой киши каза тапканы кабарланган.

Тажик бийлиги тополоңдон эки жума өткөндөн кийин гана бул окуя боюнча расмий түрдө маалымат берди. Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 22-ноябрда Брюсселдеги иш сапары маалында көбүнесе терроризм жана экстремизм айыптары боюнча соттолгондор кармалган Хожент түрмөсүндөгү окуядан 25 киши мерт болгонун, алардын экөө абак кызматкери, дагы экөө түрмө сакчыларына жардам берүүнү көздөгөн абактагы адамдар болгонун айткан.

Министр абактагылар биринчи болуп түрмө сакчыларына кол салганын билдирген:

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин.

- Түрмө кызматкерлери козголоңчулар менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок абактагылар каршылык көрсөтүүнү улантып, түрмөдөн качып кетүүнү көздөшкөн. Каза тапкан адамдардын 12си Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп келгени үчүн соттолушкан. Үчөө «Ансорулла», «Жундулла» радикал топторунун жана “Өзбекстандын ислам кыймылынын” мүчөлөрү болушкан. Калган алтоо киши өлтүрүү, маңзат соодасы сыяктуу оор кылмыштар боюнча соттолгондор.

Түрмөдөгү радикалдашуу күн тартибине чыкты

Бийликтин мындай билдирүүсүнө чейин эле өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ Хоженттеги тополоңду алардын согушкерлери уюштурганын кабарлап чыккан. Дал ушул жагдай тажик түрмөлөрүндөгү радикалдашуу маселесин кайра күн тартибине чыгарды.

“Ислам мамлекети” тобунун тактикаларын иликтеп келе жаткан, Орусиядагы “Ооганстанды изилдөө борборунун” эксперти Андрей Серенко тажик түрмөсүндөгү тополоңго бул топтун тиешеси бар деген тыянакты четке какпайт. Ал соңку мезгилде “ИМ” тобунун торуна чалынгандар өз катарына жаңы адамдарды тартуу үчүн атайылап майда кылмыштар менен эле түрмөгө түшүп, ал жакта радикалдуу идеологияны жайылтып жатканын айтты:

- Бул тополоңду “Ислам мамлекети” тобу жайында өз каналдары аркылуу тараткан сунуштарды ишке ашыруу аракети деп мүнөздөсө болот. Анда согушкерлер пост-советтик чөлкөмдөгү өз тарапкерлерин түрмөлөрдө активдешүүгө чакырган эле.

Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын мурдагы башчысы Изатулло Шарифзода (оңдо) жана жаңы жетекчиси Мансуржон Умаров.
Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын мурдагы башчысы Изатулло Шарифзода (оңдо) жана жаңы жетекчиси Мансуржон Умаров.

Хоженттеги окуя Тажикстан түрмөлөрүндөгү биринчи жолку тополоң эмес. 2010-жылы август айында Тажикстандын коопсуздук кызматынын тергөө абагынан өтө кооптуу кылмышкерлер катары мүнөздөлгөн 25 киши качып чыккан. Алар бир нече түрмө кайтаруучусун өлтүрүп кетишкен.

2016-жылы үч адам ошол эле Хоженттеги түрмөнүн тарбия бөлүмүнүн жетекчисин бычактап, андан соң качып кетүүгө аракет кылышкан. Түрмө кызматкери алган жараатынан каза тапкан.

Мындан улам Хоженттеги соңку тополоңго түрмө кызматкерлеринин абактагыларга жасаган мамилеси себеп болгонун айткандар да жок эмес. Тажикстандык укук коргоочу, «Перспектива+» коомдук бирикмесинин жетекчиси Ойнихол Бобоназарова түрмөдө кыйноо фактылары көп экенин, бул абактагылардын радикалдашуусуна себепчи болуп жатканын айтты:

- Азыр негизделбеген айыптар, майда кылмыштар менен адамды экстремист деп жарыялап, аларды узак мөөнөткө абакка кескен учурдар бар. Натыйжада түрмөгө түшүп калган кишиде системага каршы жек көрүүчүлүк жаралып жатат. Тажик түрмөлөрүндө адамдарды тарбиялашпайт, ал жерде катардагы эле адам радикалга айланып кетиши мүмкүн.

Кантсе да Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон кийин бийлик бир катар чечимдерди кабыл алды. Өлкөнүн башкы түрмөчүсү же Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Изатулло Шарифзода кызматынан кетти.

Бирок президент Эмомали Рахмондун 23-ноябрдагы жардыгында Шарифзода кызматтан “пенсияга чыкканына байланыштуу” бошотулганы айтылды.

Мындан тышкары Хоженттеги түрмөнүн жети кызматкери, алардын ичинде абактын жетекчиси Файзулло Сафарзода камакка алынды. Аларга Тажикстандын Кылмыш кодексинин “Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык” беренеси боюнча айып тагылууда. Эгер күнөөсү далилденсе, алар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG