Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Момбеков: “Веганын” филиалы кыргыздардын атына катталганы шек жаратууда


Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Депутат Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда шектүү жагдайлар бар экенин айтып, Орусиянын “Вега радиокуруу концерни” тандалганын сындап чыкты. “Азаттыкка” атайын берген комментарийинде ал бул компания Бишкекте Кыргызстандын жарандарынын атына катталганын айтты.

- Байланыш комитети “Коопсуз шаарды” “Вега радиокуруу концерни” Кыргызстандагы филиалы ишке ашырат деп айтып жатат. Бирок анын филиалында эки кыргыз баланын аты чыгып жатат. Бири Биринчи Май районунун мурунку акими Шаймерден Аканбаев, дагы бири Шаймурдинов экен. Документтерде ошолор кожоюн катары аталып жүрөт. Орусиялык чоң бир компаниянын башына кантип эле кыргыз балдар барып калат? Мына ушунун өзү “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун артында түкшүмөл суроолор көп экендигинен кабар берип турат. Менде мындан башка коррупциялык элементтер жөнүндө фактылар толтура, - деди Момбеков.

Депутат ушундай эле мааниде 29-ноябрда Жогорку Кеңеште да билдирүү жасаган. Анда эл өкүлү “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда “мафиялык мандем, коррупциялык тандем” бар экенин айткан. Ал депутаттык комиссия түзүп, долбоордун айланасындагы маселелерди иликтөөнү талап кылууда.

Рыскелди Момбековдун пикиринде бул долбоорду учурда баалангандан үч эсе арзан бүткөрсө болмок.

Быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде орусиялык “Вега радиокуруу концерни" утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Кийин сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" ишканасы "“Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган" деп арыз жазган. Бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, "Вега" компаниясы "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган.

1-ноябрда Бишкектин район аралык соту “Вега” концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган.

Момбековдун айткандарына азырынча расмий органдардан жооп боло элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG