Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Кытай: Шинжаңда таанымал сүрөтчү кармалды


Кытайлык сүрөтчү Лу Гуан. 20-сентябрь, 2014-жыл.
Кытайлык сүрөтчү Лу Гуан. 20-сентябрь, 2014-жыл.

Кытайлык таанымал сүрөтчү Лу Гуан өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң аймагына кеткен бойдон дайынсыз экенин анын аялы жана укук коргоочу уюм билдирди.

Германияда жайгашкан «Коркутууга кабылгандардын» уюму Лу Гуанды үч жума мурун Шинжаңда полиция уурдап кеткенин 28-ноябрда маалымдады. Уюм өз билдирүүсүндө сүрөтчүнүн өмүрүнө «өтө кооптонуп», аны токтоосуз бошотууну талап кылат.

Нью-Йоркто жашаган, "World Press Photo" сыйлыгына үч жолу татыган Лу Гуан октябрда Шинжаңда өтчү маданий иш-чараларга чакырылган. Аялы Сюй Сяолинин айтканына караганда, күйөөсү менен соңку ирет 3-ноябрда Кашкарда жүргөн жеринен сүйлөшкөн.

Кытай бийлиги сүрөтчүнүн аялына Лу Гуанды Мамлекеттик коопсуздук кызматы кармаганын билдирген.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Ал эми кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар акыркы айларда көп чыгып жатат.

Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG