Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:34

“Бишкек” эркин экономикалык аймагында он чакты мыйзам бузуу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы акыркы эки жыл аралыгында финансылык жана башка тармактарда он чакты мыйзам бузууга жол бергени аныкталды. Бул тууралуу мекеменин 2016-2017-жылдардагы киреше-чыгашасына аудит жүргүзгөн Эсеп палатасы билдирди.

Сырткы канализацияны оңдоодо 980 миң сом ашыкча иштетилип, коомдук жумуштарда 7,4 миллион сомдук эреже бузуу катталган. Резерв менен бюджетинде 6,7 миллион жоготуу болгон.

Мындан сырткары “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын Ак-Чийдеги жана Кара-Балтадагы имараттары жана жер тилкелери туура эмес пайдаланылганы белгилүү болду. Чөлкөмдүн курамындагы 16 субъект мыйзам бузуу аркылуу ижарага берилгени такталды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр жана сунуштар кабыл алынып, Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине жөнөтүлдү. Тергөө үчүн материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилди.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестиция тартып, технологияларды колдонууга шарт түзүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана башка милдеттерди ишке ашыруу максатында уюшулган. Анын үч жерде бөлүмү бар, жалпы аянты 346 гектар жерди ээлейт. Кеминде үч миңдей адам эмгектенген чөлкөмдө 20дан ашуун чет өлкөлүк инвестор иш алып барат. Алардын өндүрүмү Ооганстанга, Индияга, Иранга, Казакстанга, Кытайга, Түркияга жана Орусияга экспорттолот. (ErN)

XS
SM
MD
LG