Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген келгин куштар көбөйдү


Ысык-Көлдүн биосфералык аймагындагы фототузактардын кадрлары.
Ысык-Көлдүн биосфералык аймагындагы фототузактардын кадрлары.

Кыргызстандагы коруктарда Кызыл китепке кирген келгин куштардын сейрек түрлөрү көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Мекеменин адистери Соң-Көлдүн, Чатыр-Көлдүн жана Ысык-Көлдүн биосфералык аймагында коюлган фототузактардан алынган кадрларды жана маалыматтарды алгандан кийин ушундай жыйынтыкка келип жатышат. Сүрөттөрдө көрүнгөндөй, бул көлдөрдүн айланасын жапайы куштардын дээрлик көпчүлүк түркүмү байырлап жатат.

Окумуштуулардын эсебинде, Ысык-Көлдүн биосфералык коругунда эле бир нече кара кунас, 20 фламинго, 700 турна, 991 ак куу катталды. Ошондой эле жапайы өрдөк-каздар, карабаш шакылдак, куу кумпай (шахин), ителги жана бүркүттөр да бар.

Кыргызстандын аймагына учуп келген куштардын жалпы түрү 350дөн ашат. (ErN)

XS
SM
MD
LG