24 деңиз аскерин эки айга камакка алууну караган сот чечимдеринин акыркыларын 28-ноябрда аннексияланган Крымдын Симфереполь шаарынын райондук соту чыгарды.
Орусия тарап мындай кадамы менен Украина бийлигинин жана Батыш өлкөлөрүнүн моряктарды тезинен бошотуу жөнүндөгү чакырыктарына кулак салган жок.
Деңиз аскерлеринин камактагы мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүн. Мамлекеттик ТАСС агенттигинин жазганына караганда, орус тарап "алар мамлекеттик чек арадан” мыйзамсыз өткөн деп эсептөөдө.
Эгер украин деңиз аскерлери Орусиянын Кылмыш кодексинин ушул беренеси боюнча айыптуу деп табылышса, алты жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.
Киев 25-ноябрда Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны “агрессия” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин кармап кеткен.
Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембидеги сөзүндө деңиздеги карама-каршылык үчүн украин бийлигин күнөөлөп, "муну менен президент Петро Порошенко шайлоо алдында беделин чыңдоо максатын көздөдү" деп эсептей тургандыгын билдирди.
- Бул, албетте, чагым. Кызматтагы өкмөт, менимче азыркы президент тарабынан да келерки жылдын мартындагы шайлоонун алдында уюштурулган чагым. Кызматтагы президенттин рейтинги, менимче, бешинчи тепкичте. Ал түгүл экинчи айлампага кирбей калышы мүмкүн. Андыктан бир нерсе кылышы керек, - деди Путин Москвадагы инвестициялык форумда сүйлөгөндө.
Украинада болсо өлкөнүн Орусия менен деңизден жана кургактан, ага катар Молдованын Орусия колдогон Приднестровьеге чектеш он аймагында жарыяланган аскердик абал бүгүнтөн баштап расмий күчүнө кирди.
Ошондой эле президенттик шайлоо 2019-жылдын 31-мартына расмий белгиленди. (UE)